Menu

Башкы прокуратуранын Т.Сарпашевге байланыштуу сунушун иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши 2017-жылдын 10-апрелине чейин узартылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын 10-февралындагы буйругуна ылайык 2017-жылдын 9-февралында Башкы прокуратуранын Тайырбек Сарпашевди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотуу боюнча сунушун иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия бүгүнкү күнгө чейин бир катар жыйындарды өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Анын жыйынтыгында иштин жагдайын ар тараптуу жана дыкат иликтөө максатында жана комиссиянын акыркы корутундуларын даярдоо үчүн кошумча документтер өздөштүрүү зарылдыгы талап кылынууда.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 10-февралындагы буйругунун аткаруу мөөнөтү 2017-жылдын 10-апрелине узартылды.

Эске салсак, 2017-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жетекчилиги астында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлөрү кирген ведомстволор аралык комиссияга бир айлык мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушун иликтеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизүү тапшырылган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: