Menu

Улуттук илимдер фондун түзүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кечээки, 13-марттагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан  өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды. Бул туурасында КР ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган мыйзам долбоору республиканын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө жана заманбап талаптарга жооп берген академиялык илим системасын өнүктүрүү, өлкөнүн илимий техникалык потенциалын калыптандыруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору аркылуу 1-беренени бир абзац менен толуктоо, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүүчүсү катары саноо сунушталууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн  концепцияга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын иш-милдеттери беренелерине өзгөртүүлөр киргизилип  жатат. Ага ылайык,  «теманын, программанын же долбоордун илимий жетекчиси катары каржылоо булагынан (бюджеттик каражаттар, гранттар,насыялар) көз карандысыз, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн алган каржы каражаттарын рационалдуу жана максаттуу түрдө пайдаланууга жеке жоопкерчилик алуу» жагдайлары такталууда. Бул норма мамлекеттик акча каражаттарын пайдалануудагы көзөмөлдү күчөтөт жана илимий ишмердүүлүккө мамлекеттен  каржы бөлүүдө, бул чөйрөдө коррупциянын тамыр жайып кетүүсүнө көмөкчү боло турган факторлорду четтеттүүгө шарт түзөт.

Талкуу жүрүшдө депутат Алмазбек Токторов,- Улуттук илимдер академиясынын учур талабына жооп бергидей болушу шарт экендигин айтып,  академиктердин саны менен эмес, иштин натыйжасы менен мактана тургандай иштер жасалыш керектигин билдирди. Депутат  өз сөзүндө Түркмөнстандагы илимдер академиясы натыйжалуу жыйынтыктарга жетише албагандыгынан улам, аны кайра түзүмдөштүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн мисалга келтирди.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев илим деген түшүнүк кеңири маанини берерин айтып, илимдин колдонмо иштери гана эмес, анын теориялык багыттары да улам өнүгүүгө багыт алып жаткандыгын билдирди. Жалпы илим тармагына каралган каржы булагы да жарытымдуу болбой жаткандыгы көп ишке жолтоо болуп жаткандыгын айткан академия жетекчиси илимдер тармагында эксперименталдык (сыноо иштерин жүргүзүүчү) база болушу кажеттигин кошумчалады.

Ошондой эле, талкуудагы мыйзам долбоору менен УИАнын Президенти УИАнын Жалпы чогулушу тарабынан 65 жаштан улуу эмес анык мүчөлөрдүн (академиктердин) жана корреспондент мүчөлөрдүн арасынан жашыруун добуш берүү менен 4 жылдык мөөнөткө альтернативдүү негизде шайланары айтылууда. УИАнын Жалпы чогулушунун шайлоосунун жыйынтыгында шайланган УИАнын Президентине талапкер УИАнын Президентинин кызматына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет же четке кагылат. УИАнын Жалпы чогулушунун Президентти шайлоо жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилбеген учурда УИАнын Президентин шайлоо болгон жок деп эсептелет. УИАнын Президентин кайрадан шайлоо бир айдын ичинде өткөрүлүүгө тийиш.

Жалпысынан алганда Кыргызстандагы илим тармагы толук өнүгө албай жаткандыгын белгилеген депутаттардын бири Альфия Самигуллина  мунун себебин илим менен тажрыйбанын ажырымдыгы,- деп түшүндүрдү.  Болбосо, экономиканын негизги жөлөгү  боло турган илим прогресстик өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү болууга тийиш, -дейт депутат.

Депутат Жанар Акаев болсо,- “Мамлекет спортчуларга мамлекеттен каражат бөлүп, анан алардын жыйынтыгын сурап, алган медалын такташат. Окумуштуулар деле ошондой болуш керек. Илимге жетиштүү каражат бөлүп, анан анын үзүрү тууралуу сөз кылганыбыз жарашмак. Буга Өкмөт жетиштүү көңүл буруш керек. Илимди модага айлантуунун убагы келди.Ошондо гана жаштарыбызды илимге кызыктыра алабыз”,- дейт.

Илимди өнүктүрүүгө жол ачып бере турган келечектүү долбоорлорду, илим менен техниканын инновациялык жетишкендиктерин камсыздоону ишке ашыруу максатында Улуттук илимдер фонду түзүлүш керек. Мындай кадамдын зарылдыгын депутат Кубанычбек Жумалиев билдирди.

Талкуу соңунда “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан  өзгөртүүлөр экинчи окууда тармактык комитеттин колдоосуна ээ болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: