Menu

Бишкек мэри Өмүрбек Текебаевди сотто утуп алды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди сотто утуп алды. Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айгүл Уметова калаа башчысынын арызын канааттандырып, Текебаев “1 миллион сом төлөп берсин” деген чечим чыгарды.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, сот алардын “Текебаев кайтаруучулардын коштоосунда келип, отурумга катышсын, жарыш сөзүн айтсын” деген өтүнүчтү четке какты. Андан соң Токтакунова кесиптеши Канатбек Азиз менен сот залынан чыгып кетишкен.

– Биздин катышуубуз жок эле чечим чыгарылды. Жарыш сөзгө эч ким келген жок. Эми Бишкек шаардык сотуна кайрылабыз.

Сот чечим мыйзам нормаларынын негизинде чыгарылганын, адвокаттарда депутаттын ишеним кагазы болгондуктан, Текебаевдин катышуусу шарт болбогонун билдирүүдө.

Өмүрбек Текебаев былтыр президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан үйүнө байланыштуу маалыматтарды тараткан. Анда үй курулуп жаткан жерди жең ичинен өздөштүрүү иштерине Албек Ибраимовду айыптаган.

Ибраимов муну жалган маалымат деп депутатты сотко берген.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жемкорлукка айыпталып, 26-февралдан бери УКМКнын камагында.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: