Menu

Араванда мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүгө бир ай убакыт берилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-мартта Ош облусунун Араван районунда мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул туурасында Ош облустук казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, казыяттын курулуш жана мечит бөлүмүнүн башчысы Абдималик Турсунбеков, райондук жана жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана мечит имамдары катышышты.  Жыйында Араван районунун аймагындагы мамлекеттик эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди каттоодон өткөрүү маселеси каралып, ар бир мечит имамы менен көйгөйдү чечүү боюнча консультациялык пикир алмашуулар жүргүзүлдү.  Казыяттын курулуш жана мечит бөлүмүнүн башчысы Абдималик Турсунбековдун айтымында Араван району боюнча 116 мечит бар, алардын ичинен 13 мечит мамлекеттик эсепттик каттоодон өтө элек. Аталган жыйынга чакырылган 13 мечиттин имамдарына мечиттерди өз убагында каттоодон өткөрбөгөндүгү үчүн дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан жазуу түрүндө расмий эскертүү берилип, мечиттерди эсепттик каттоодон өткөрүүгө бир айлык мөөнөт берилди. Мындан сырткары кээ бир мечиттердин жеке менчик жерге салынгандыгы боюнча ар бир имамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жеке менчик жерге салынган мечиттердин документтерин казыяттын балансына өткөрүү тапшырмалары берилди. Ал эми мечиттердин каттоодон өтпөгөндүгүнүн себептерин тыкыр иликтеп, документтерин бүтүрүүдө жана финансылык маселелерин чечүүдө жергиликтүү айыл өкмөттөрү, облустук казыяттын жана райондук хатибияттын өкүлдөрү биргеликте имамдарга көмөктөшүп иш алып баруу зарылдыгы белгиленди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: