Жакынкы эле айларда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Казакстандагы биздин өлкөнүн элчилиги төкмө акындар Аалы Туткучев менен Азамат Болгонбаев мындан 3-4 жыл мурун казактарга сөз тийгизип ырдап коюшуптур дешип, казак тараптан курун мойнуна салышып кечирим сурап жиберишкен. Мына эми ошондо уялып жаман болушкандар намыстуу болушса, кыргыз элинин намысына камчы салып, аброюна көлөкө түшүрүп «кыргыз болгум келмейди, кыргыз болгум, бир-бирмен согусып кырылатын», деп шылдыңдап, мазактап ырдаган казактын акыны Ренат Зайтовду кыргыз элинен кечирим суратуу боюнча Казакстандын мамлекеттик органдарына нааразычылык нотасын тапшыра алышаар бекен?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ