Menu

Фабула пресс: “Оку да, үшкүр!”

Бөлүшүү:

18 жаштагы кыз ууру кылып кармалды

Бишкектеги Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө үйүнөн өз тууганына 12 миң сомун уурдатып жибергенин айтып арыз жолдогон. Көп өтпөй эле тартип сакчылары дал ошол тууганын таап суракка алышканда, ал акчаны уурдаганын мойнуна алган. Ал уурулукка барган 18 жаштагы кыз экени маалым болду.

Кытайлар Кыргызстанды каптап жатат

Кыргызстанга кытайлар товарга аралашып эле кирип жатканы айтылып эле келе жатат. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө канча кытай мыйзамсыз жашап жатканы боюнча так маалымат жок. Аз күн мурун парламент жыйынында Башкы прокурор Индира Жолдубаева учурда Кыргызстанда 996 кытай мыйзамсыз паспорт алып жашап жүргөнүн, аларга паспорт берген Каттоо кызматынын тиешелүү кызматкерлерине чара көрүлөөрүн маалымдады. Минтип отурса аз жылда кытайлар өлкөбүздү каптап кетет го.

Абайлабаган айдоочу бир аялды сүзүп кетти

Кечээ эртең менен Бишкектин Шабдан баатыр көчөсүндө машинелер зуулдап, чоң жолдо жөө киши өтүүчү чаар сызыктар менен эмес, жолду түз эле кесип өтө калган 40тын кырынан ашкан аялды 26 жаштагы жигит “Тойота” үлгүсүндөгү жеңил машинеси менен катуу ылдамдыкта келе жатып тормозду басууга үлгүрбөй барып сүзгөн. Сүзүлгөн аял ошол эле жерден жан берген. Бала болсо башын муштап, азабын тартат го эми…

Кылмыштуулук торун жайды

3-апрелден, 9-апрелге чейинки аралыкта өлкө боюнча 2013 кылмыштуулукка байланыштуу иш катталганын, анын 1621нин өздүгү такталганын милициядан кабарлашты. Ошонун ичинен 533 накта кылмыштуулукка жатаарын, анын 320сынын бети ачылганы маалым болду. Бул кылмыштардын арасында бир адам өлтүрүү жана 16 зордуктоо фактысы анык болгон. Бир жуманын ичинде 500дөн ашуун кылмыш болот деген эмне тамтык.

Үч машине сүзүшүп, беш киши коз жумду

8-апрель күнү кечки саат жетилерден өткөндө Бишкек-Нарын-Торугарт каттамындагы чоң трассада, тагыраак айтканда Кемин районунда үч жеңил машине сүзүшүп, беш жаран мерт кеткен. Калган жарандар да ар кандай жарааттарды алып Токмок шаардык ооруканага жаткырылган. Эки машине ошол кырсык болгон жерден өрттөнүп жок болгон.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: