Британ парламентинин Лорддор палатасы кечээ, 13-мартта Евробиримдиктен чыгуу жараянын баштоо боюнча өкмөткө укук берчү мыйзам долбоорунун акыркы вариантын кабыл алды. Буга чейин документ Коомдук палата тарабынан жактырылган. Премьер-министр Тереза Мэй Брекзит процедуралары башталганын бүгүн жарыялашы ыктымал.
Өкмөт январдын аягында мыйзам долбоорун өкмөткө жөнөтүп, документти өзгөрүүсүз кабыл алып берүүнү өтүнгөн. Төмөнкү палата өкмөттүн сунушун колдогон, бирок Лорддор палатасы марттын башында мыйзам долбооруна эки өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, Британия ЕБдан курамынан чыккандан кийин дагы Евробиримдиктин жарандары өлкөдө жашап, иштөөгө мүмкүндүк алышы керек.Төмөнкү палата өзгөртүүлөрдү четке какканы менен Лорддор палатасы аларсыз эле мыйзамды кабыл алды.
Улуу Британия Евробиримдиктен чыгуу жараянын 31-марттан тарта башташы керек жана ал эки жылга чейин созулушу мүмкүн.
2016-жылы июнда Британиянын көпчүлүк жашоочулары референдумда Евробиримдиктен чыгууну колдогон. Парламентарийлердин көпчүлүгү Брекзитке каршы болгону менен консерваторлор менен лейбористтер шайлоочулардын тандоосун аткарышарын билдиришкен.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ