Menu

Пакистандын Президенти Мамнун Хуссейн: “Пакистан эки тараптуу алакаларды өнүктүрүүнү колдойт”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Исламабаддагы расмий иш сапарынын алкагында  Пакистан Ислам Республикасынын  Президенти Мамнун Хуссейн менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын азыркы абалы жана эл аралык уюмдардын алкагындагы алакалар тууралуу баарлашып, соода кызматташтыгын жандантуу маселесине да токтолушту.

Байыркы Улуу Жибек жолунун боюнда орун алган эки мамлекет үчүн экономикалык байланыштардан тышкары, экстремизмге жана терроризмге каршы биргелешип күрөшүү багытында да кызматташуу керектигин айткан Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Кыргыз тарап CASA-1000 жана “Кытай – Пакистан: Экономикалык коридор (CPEC)” долбоорлорун тез арада ишке ашырууга кызыкдар”,- деди.

Ошондой эле Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан акыркы реформалар тууралуу маалымат берген Төрага: “Парламенттик демократияга багыт алган Кыргызстан үчүн Пакистандагы демократиялык жетишкендиктерден үлгү алуу өтө маанилүү. Андыктан, биз биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды уюштуруубуз зарыл”, – деп билдирди.

Андан тышкары, жолугушууда саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланып, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар пакистандык студенттер үчүн билим алууга өтө ыңгайлуу экендиги айтылды.

Өз кезегинде алгачкы кыргыз парламенттик делегациясынын расмий иш сапары эки мамлекет ортосундагы байланыштардын жаӊы барагын ачат деген Пакистан Ислам Республикасынын  Президенти Мамнун Хуссейн: “Пакистан Кыргызстан менен кызматташууга  кызыкдар. Айрыкча парламенттик демократиялык багыттагы жаӊыланууларды колдоого даяр”, – деди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Абдумажит Юсуров, Мухтарбек Айнакулов, Нургазы Нишанов, Кубанычбек Нурматов, Дүйшөн Төрөкулов жана Эмил Токтошев бар

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: