«Азаттык» радиосунун беларус кызматынын кабарчысы Галина Абакунчикке Ворше шаардык сотунун чечими менен 300 долларга жакын айып пул салынды. Ал уруксат берилбеген митингге катышуу боюнча күнөөлүү деп табылды.
Журналист айыпты четке кагып, 12-мартта бекерпоздук салыгына каршы өткөн нааразылык акциясын чагылдырып жүргөн маалда кармалганын билдирүүдө. Ал журналист экенин айтканына карабастан милиция бөлүмүндө бир нече саат кармалып турган.
13-мартта активисттер жана оппозициячылар менен бирге бир канча ММК өкүлү да кармалган. Ал күнү шаарда бекерпоздук салыгына каршы демонстрация өтүп, анын катышуучулары президент Александр Лукашенко салык төлөө мөөнөтүн 2018-жылга чейин токтотконуна карабастан салыктын жоюлушун талап кылышкан.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ