Өзбекстанда туулуп, бирок бир канча жылдан бери Лондондо жашап жаткан 35 жаштагы Надира Мюррей (Алиева) өзүнүн алгачкы тасмасын тартып бүттү. Ал британ кинематографиясынын стандарттарына толук жооп берет.
«Locked in» («Камалган») деп аталган тасмадагы окуя чыныгы жашоодон алынган. Анда Өзбекстанда нааразылык акциясына катышып, андан соң Улуу Британияга барып башкалка сураган жубайлар Самира менен Назимдын башынан өткөргөн окуясы баяндалат.
Фильм Улуу Британиядагы чыныгы түрмөлөрдүн биринде тартылып, ага 18ден ашык британ актеру катышкан. Тасманын продюсери, сценарийинин автору жана режиссерлорунун бири Надира Мюррейдин айтымында, акыркы кездери Улуу Британияда бозгундарга карата терс мамиле калыптанып, көптөгөн качкындарды күчтөп депортация кылган учурлар байкалууда.
«Качкындардын көйгөйүн, абалын жакшы түшүнгөндүктөн улам ушул тасманы жаратууну чечтим. Максатым – бир аз болсо да социалдык пикирлерге таасир этүү», – деди Мюррей.
Учурда тасманын бетачарын өткөрүү үчүн фестивалдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Надира Мюррей (Алиева) Улуу Британиянын Өзбекстандагы мурдагы элчиси жана «Самарканддагы адам өлтүрүү» китебинин автору Крейг Мюррейдин жубайы.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ