Menu

Ашхабадда мыйзамсыз чылым сатуу учурлары көбөйүүдө

Бөлүшүү:

Бир айдан бери Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдө расмий түрдө чылым сатылбай, шаарда мыйзамсыз тамеки саткан учурлар көбөйүүдө.

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдиргендей, акыркы жумаларда Ашхабаддагы жеке дүкөндөрдө чет өлкөлөрдөн алынып келинген чылымдардын түрлөрү көбөйдү. Алардын бир даанасы 2,5-3 манаттан (0,7 доллардын тегерегиндеги сумма) сатылууда. Кыйла сапаттуураак чылымдардын баасы 5 манатка чейин жетет.

Түркмөнстанда чылым импорттоо жана сатуу өкмөттүн көзөмөлүндө. Тамеки сатууга расмий уруксат мамлекеттик дүкөндөргө гана берилген. Ошол эле маалда мыйзамсыз түрдө көмүскө базарда чылым саткандар да бар. Алардагы баа мамлекет тарабынан белгиленген баадан бир канча эсеге жогору.

ММКлар Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматына шилтеме кылып билдиришкендей, өкмөт тарабынан мамлекеттик дүкөндөрдө сатуу үчүн белгиленген чылымдын наркы четтен алынып келинген тамекинин баасынан 40 эсеге кымбат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: