Хатлон облустук прокуратурасы Курган-Төбө шаарындагы бир адамдын өмүрүн алган жарылууга байланыштуу «терроризм» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Окуянын себептерин иликтөө үчүн атайын ыкчам-тергөө тобу түзүлдү.
Учурда прокуратура шаардын 67 жаштагы тургуну Хасанбой Рахмоновдун теракттан же өзүн өзү жардырып каза тапканын аныктоого аракет кылууда.
Тергөөчүлөр маркумдун телефонундагы акыркы чалууларды текшерип жатышат. ИИМдин маалыматы боюнча Хасанбой Рахмонов шаардагы технологиялык лицейде кароолчу болуп иштеген. Жубайы жана алты баласы бар, буга чейин соттолгон эмес.
Жарылуу болгон аймак дагы деле тасма менен курчалган, анда милиция кызматкерлери күзөттө турушат.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ