Menu

Өкмөт мамлекеттик ишканалардын ишин оптималдаштырат

Бөлүшүү:

Өлкөдө чыгашалуу 114 мамлекеттик ишкана жоюлуп, дагы 63ү кайра өзгөртүлүп түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков өлкөдө катталган 1130 мамлекеттик ишкананын 900ү иштебей турганын билдирди. 164 ишкана мурда иштеп келген болсо, дагы 66сы мамлекеттик мекеме болуп кайра түзүлгөн.

“Бир жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында анча чоң эмес киреше алып келген ишканалар бар. Жеке тараптардагы ал сыяктуу ишканалардын киреше көрсөткүчтөрү кыйла көп жана аларды мамлекеттик компаниялардын көрсөткүчтөрү менен салыштырып болбойт. Көптөгөн мамлекеттик ишканалар кайрадан түзүүгө, менчиктештирүүгө же жоюууга муктаж», — деп эсептейт Казаков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 31-мартка чейин мамлекеттик ишканаларды кайра түзүү боюнча фонддун анализин карап чыгып, сунуш киргизүүнү тапшырды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: