Menu

Татарстанда «Хизб ут-Тахрирге» мүчө деп 15 киши кармалды

Бөлүшүү:

Татарстанда Орусиянын аймагында террордук деп табылган “Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө деген шек менен 15 киши кармалды. Мындай маалымат республика ИИМинин сайтына жарыяланды.

Тинтүү иштери өлкөнүн бир канча аймагындагы жана Казан, Бугулме шаарларындагы отуз дарек боюнча жүргүзүлгөн. Анда көптөгөн тыюу салынган адабияттар, “Хизб-ут-Тахрирдин”желектери, террордук уюмга тартылган адамдар тууралуу жазылган дептерлер, ошондой эле отчеттук документтер табылган. ИИМ алынган отчеттук материалдар «өлкөдөгү мусулмандар арасында антиконституциялык иштер бар экенин» ырастаганын белгиледи.

Учурда Татарстандын тергөө органдары тарабынан «террордук уюмга» мүчө болуу жана анын ишмердүүлүгүнө катышуу боюнча 13 кылмыш иши козголду.

Орусияда “Хизб ут-Тахрир” ислам партиясы соттун чечими менен террорук уюм деп табылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: