Menu

Алмаз Атамбаев: “Айрым сасык саясатчылар, журналист сөрөйлөр – Замира Сыдыкова, Бегалы Наргозуев, Нарынбек Идинов – сөз эркиндигин коргойбуз, кыргыз журналисттерин коргойбуз деп, чуу салып жатышат”

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн,  15-мартта Афганстан Ислам Республикасынын, Индиянын, Кот-д’Ивуар Республикасынын, Латвия Республикасынын, Эфиопиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен  Ишеним баракчаларын кабыл алды. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма-сөз кызматы билдирди.

Алмазбек Атамбаев кыргыз жеринде дипломаттык миссиялардын жетекчилерин жылуу кабыл алып, аларды ардактуу жана жооптуу миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

 “Саламатсыздарбы, урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары!

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу кыргыз журналисттери!

“Жамандын үйүн коногу бийлейт” деген сөз бар кыргызда. Ою жаман конокторго, эл бузарларга өзүбүздүн үйүбүздү, Мекенибизди тебелетпесек. Элдин намысын, өлкөнүн намысын ойлосок, коргосок!

Радио “Свободага” иштесек да, Мекенди ойлоп, кыргыздын намысын коргоп, Шайлообек Дүйшеевдей иштесек! Акча үчүн Ата-Журтту сатпасак.

Бабакулов, Карабеков, Маслова, Идиновдордун ою башка! Карабеков өзү бир жолу телевизордон айтты эле: “Я что, – баткенский, что-ли?” – деп.

Булар “баткенский” да эмес, “киргизский” да эмес. Булардын чөнтөгүнөн экинчи паспорт же “вид на жительство” чыкса да таӊ калбайм.

Булар Кыргызстанда айла жок жашап жатышат, анткени башка жерде булардын кереги жок. Өз жерин жамандап жан багышат! Булар үчүн биздин каректей болгон Ата-Мекенибиз “тьма киргизская”.

Кыргыз элим дегендер “баткенский” Исхак Раззаков, “баткенский” Апсамат Масалиев, “баткенский” Эгемберди Эрматов менен сыймыктанат!

Биз үчүн ошол “тьма киргизская” жаркыраган Москва менен Нью-Йорк, Прагадан артык!

Кисловдор, Широковдор Кыргызстандагы демократияга күйөт имиш. Эй, анча эле демократияга күйсөңөр, өзүңөрдүн мекениңерден, Россиядан баштабайсыӊарбы?

Кыргыз Президенти радио “Свободаны” басмырдап жатат, сот аркылуу пул доолап жатат деп бакылдабай, андай эле радио “Свободага” ичиңер күйсө, анда биринчи орус мамлекет башчыларына кайрылбайсыңарбы, талап койбойсуңарбы: “Радио Свобода” орус каналдарында орун алсын, “Радио Свобода” орус радиосунан бакылдасын”  деп! Кыргызстанда ошондой экен деп!

Эй, өзүңөр күзгүдөн өзүңөрдү көрүп, анан бизге акыл үйрөтпөйсүңөрбү? Ал жерде балык болуп тымпыйып, бул жерде тайраңдабай.

Биз өз үйүбүздү өзүбүз иретке келтиребиз, Кудайга шүгүр!

Урматтуу мекендештер!

Айрым сасык саясатчылар, журналист сөрөйлөр – Замира Сыдыкова, Бегалы Наргозуев, Нарынбек Идинов – сөз эркиндигин коргойбуз, кыргыз журналисттерин коргойбуз деп, чуу салып, атайын уюм түзүп, өлкөбүздү бүт дүйнөгө мазактап жатышат. Булар өздөрү ким?

Журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүп жатканда, журналист Сыргак Абдылдаевдин колу-бутун сындырып, бычак менен кескилеп жатканда, Медет Садыркуловду тирүүлөй өрттөп жатканда кайда эле булар?

Жумшак креслого отуруп, казы-карта чайнап, Максим менен Жанышты мактап отурушпады беле?

Жаңыдан эгемендүү болуп, алсырап жаткан өлкөбүздү Акаич менен кошо тоногон Равшан Жээнбеков коргойт экен да кыргыздарды?

Ушул сасык саятсатчыларга кантип ишенесиңер, урматтуу журналисттер?

Албетте, булар да эртең мени бир сасыган партиянын өкүлдөрүнө окшоп сотко берет, бизди “вонючий” деп айтты деп.

Эне тилин билбеген маңкураттарга түшүндүрүп коёюн: саясатчы “Шанель” менен “Диорду” себинип, француз духи жыттанса да, эгер ыплас иштерге булганса, андайды кыргыздар “сасык саясатчы” деп коёт. Албетте, сасык саясатчы башкарган партияны да сасыган партия дебей эмне деп айтабыз?

Эми булар “круглый стол” өткөрөт имиш. Мындайлар менен абийирдүү адам бир столго отурмак түгүл, алысырак басып кетет, теңелбейин деп, ичинен башын чайкап тим болот. Бул маңкурттар “ичинен башын чайкап” дегенди да “покачал головой в животе” деп бизди айтты деп сотко берет эми мени.

Эне тилин билбеген – элин сүйүп жарытпайт!

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу кыргыз журналисттери!

Азыркы күндөрдө элибиздин, жерибиздин тагдыры, келечеги чечилип жатат. Алдыда президенттик шайлоо турат. Болгону 8 ай калды.

Тырмактай Кыргызстан эмес, дүйнөнү башкарган Америка кантип президент шайлаганын дагы эле түшүнбөй, териштирип жатат! Биз да анан декабрда алаканыбызды чаап “аттиӊ ай!..” деп олтуруп калбайлы!

Азыр бүт дүйнөдө согуш жүрүп жатат. Информациялык согуш. Маалымат согушу.

Бул шылуундарга алданып, маңкурт, эл бузарларды ээрчип, булар тараткан ушактарга ишенип, кайрадан карегибиздей Мекенибизди уурулардын, мародерлордун колуна салып бербейлик! Кайрадан куркулдаган кузгундарга жем болбосун Кыргызстан! Ата-Мекенибиз, Ата-Журтубуз – Кыргызстан!

Көздү ача турган мезгил келди. Ойлоно турган мезгил келди.

Жараткан элибизди сасык саясатчылардан, ушакчылардан сактасын! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Маалымат иретинде:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Ишеним грамоталарын төмөнкү чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары тапшырышты:

Кот-д’Ивуар Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тано-Бучуе;

Латвия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Юрийс Погребнякс;

Эфиопиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ауалеу Гобезие Воркенех;

Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лакшманан Сависри;

Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммад Исса Месбах.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: