Menu

Ташкентте кароосуз калган 1,5 миңдей өспүрүм кармалды

Бөлүшүү:

Ташкент шаарында акыркы эки айда кароосуз калган жана базарларда иштеген 1400 бала аныкталды. Калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча алар Өспүрүмдөргө социалдык-укуктук жардам берүү борборуна жөнөтүлдү.

Балдардын көбү жумуш издеп аймактардан шаарга келишкен. Алар базарларда араба түртүп, автоунаа жууп иштешет.

Маалымдалгандай, балдар топ-топ болуп базарлардан алыс эмес жерлердеги батирлерде жашашат. Бир жүк ташуучу арабаны 18 миң сумга (2,5 доллардын тегереги) ижарага алып, түнгө чейин иштешет. Бир күндө 100 миң сумга чейин (13 доллардын тегереги) пайда табышат. Базарда иштеген ишкерлердин айтымында, милиция дайыма алардын изинде. Өзгөчө майрам алдында кармашып, автобустарга салып алып кетишет.

Ташкент шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча жашы жете элек кароосуз калган балдардын көбү – колледждердин окуучулары. Колледждерде жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында жүздөгөн ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартылып, окуу жайлардын директорлоруна сөгүш берилди.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: