Шаршембиге караган түнү Актөбө шаарында 24 жаштагы жигит медициналык мекемеде иштеген айымды барымтага алган. Полиция кабарлагандай, сүйлөшүүлөр жыйынтык бербеген соң, ал атылып өлтүрүлдү. Анын 1993-жылы туулгандыгы жана мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталды.
Атып өлтүрүлгөн жаран 14-март күнү кечкурун стоматолгиялардын биринде иштеген администраторду барымтага алып, өлтүрөрүн айтып коркуткан. Полиция кабарлагандай, ал 7-мартта ажырашып кеткен аялын алып келип берүүнү талап кылган.
Барымта тууралуу полицияга маалымат түшкөнгө чейин ал кайын-журтунун үйүнө келип, аялынын энесин бычак менен жарадар кылган.
Окуяны тынч жол менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа берген эмес. Түн жарымында полиция барымтадагы аялды куткаруу үчүн атайын операция баштаган.
Атайын операциянын жүрүшүндө, кылмышка барган жаран өлтүрүлгөн, барымтадагы аял жабыркаган эмес. Учурда ал дарыгерлердин жана психологдордун көзөмөлүндө. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ