Menu

Тажикстанда терроризмди каржылагандардын «кара» тизмеси жарыяланды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Улуттук банкы оор кылмыш кылган деп изделип жаткан 200дөн ашык адамдын жана тыюу салынган 15 уюмдун тизмесин жарыялап, жарандары жана коммерциялык уюмдарды алар менен кызматташпоого чакырды. Ал уюмдар Жогорку сот тарабынан террористтик жана экстремисттик деп табылган.

«Кара» тизмеге – Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясы, «Группа 24», «Эркин Тажикстан», «Мусулман агаиндер», «Ислам мамлекети», «Аль-Каида», «Жамаат Ансоррулох», «Өзбекстан ислам кыймылы» сыяктуу уюмдар, ошондой эле мыйзамсыз маңзат, курал-жарак жана адам сатууга тиешеси бар адамдар киргизилген.

Улуттук банктын өкүлү тизмени жарыялоонун максаты — ири суммадагы каражаттардын изин жашырууга байланышы бар адамдар менен уюмдардын активдерин тоңдуруу болуп эсептелерин билдирди. Анын айтымында, тизме мыйзамсыз жол менен алынган акчалардын изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча эл аралык Financial Action Task Force уюмунун талаптарынын негизинде түзүлдү.

«Эл аралык каржы институттар бул тизмени карап, Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын, «Группа 24түн», «Эркин Тажикстандын» эсептерин тоңдурушу керек. Өз кезегинде Тажикстан кызматташтыктын алкагында терроризмге байланышы бар адамдардан акчалардын түшүүсүн көзөмөлдөп турат. Мындай тизмелер каржы терроризмин жана башка кылмыштардын алдын алуу максатында башка өлкөлөрдө да түзүлүп келет», – деп билдирди ал.

Январда өлкөнүн Улуттук банкы текшерүү үчүн Башкы прокуратурагы жалпысынан 7 миң шектүү каржы операциясынын тизмесин жөнөткөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: