“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги айрым министрликтер менен ведомстволордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине өзгөртүүлөрдү киргизет.Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта, Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдады” – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
«Бул министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин бюджеттик каражаттарды чыгымдоодо каржылык тартипти жана ачыктыкты сактоодогу жоопкерчилигин алып салбайт», – деп баса белгиледи финансы министри Адылбек Касымалиев.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, министрликтер менен ведомстволор каржылык тартипти жана чыгымдардын ачыктыгын так сактоо керектигин баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ