Menu

2017-жылдын 15-мартында Жогорку Кеңеште добуш берилген мыйзам долбоорлору

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууда кабыл алынды. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

“Согуштук абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Зулпукаров Т.З., Жеенчороев М.К., Ибраимжанов Б.С., Бабанов Ө.Т., Сыдыков Б.Ү., Баатырбеков А.Б., Конушбаев Т.К., Токторов А.С., Турсунбаев А.А.);

 “Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Улуттук коопсуздук жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Зулпукаров Т.З., Жеенчороев М.К., Ибраимжанов Б.С., Бабанов Ө.Т., Сыдыков Б.Ү., Баатырбеков А.Б., Конушбаев Т.К., Токторов А.С., Турсунбаев А.А.);

“Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги аты жок чокуга “Апрель революциясынын Баатырлары чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.03.17деги № 144 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛАЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛООРУ:

“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Рыспаев К.Ж., Матраимов И.И., Тиллаев Т.Г., Турускулов Ж.К.);

“Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору(демилгечи – Өкмөт, 28.11.16дагы № 629 токтом);

“Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Иманалиев К.К., Акматов А.Ж., Бакчиев Ж.А., Токтошев Э.Т.);

“Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган 2001-жылдын 28-сентябрындагы Опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо жагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.12.16дагы № 713 токтом).

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

“Бишкек шаарында 2016-жылдын 21-апрелинде кол коюлган “Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-июлунда кол коюлган “Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы, “Ош Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.01.17деги № 47 токтом);

“Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кара-Суу шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагында Кыргыз Республикасынын, Кара-Суу шаарынын мэриясынын жана “Кара-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 22 токтом);

“Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн Инвестициялык фонддун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын жана Чолпон-Ата мэриясынын жана “Чолпон-Ата суу каналы” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 23 токтом);

“Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо II фаза” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Суу фондунун каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын жана “Ошшаарсууканалы” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 24 токтом);

“Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3-коридорлору) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.02.17деги № 62 токтом).

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: