УКМКнын камагында Өмүрбек Текебаевге байланышкан кылмыш иштери ылдамдык менен тергелип, август айына чейин соттолору боюнча эшиттик. Себеби, козголгон кылмыш иштери чубалжый берсе, соттук өкүм кечиксе, анда биринчиден, саясый жагы да курчуй берет. Экинчиден, Текебаев президенттик шайлоого кандидат катары катталуусуна шарт түзүлөт. Мындай жагдайда ал аралык коомчулуктун, ошого катар кыргыз элинин бүйүрү кызыйт. СИЗОдо жатып президенттик шайлоого ат салышкан адамдын рейтинги көтөрүлүп кетиши да ажеп эмес. Андыктан, Өмүкенин ишин тездетип, жай айларында узак мөөнөт менен түрмөгө жөнөтүшөрү пландалып калгандай. Билесиңер да, аз күн мурда «Ата Мекен» партиясы Текебаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошуп, хан тактыга жеткирүү идеясын көтөрүшкөн. А бийликгин көздөгөнү тескерисинче, аны саясаттан сүрүп чыгарып, узак жылдарга чейин караңгы дубалдардын ичинде кармоо… Бирок, Кыргызстанда кырдаал тез өзгөрүлүп турат эмеспи, аягы кандай болору бир гана Жараткандын буйругуна байланыштуу…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ