Menu

Бабырбек Жээнбеков, башкы редактор: “«Алиби» жана көк чөп”. 23-марттан тарта “Алиби” гезити кайрадан жарыкка чыга баштайт

Бөлүшүү:

Бүгүн кыргыз коомчулугу баарынан тажады, чарчады. Карапайым калкка кыпындай пайдасы жок, оозу мене орок оргон митаам, шылуундар гана каймагын калпыган элдик революциялар, алардын арты менен бийликке келген псевдодемократтар, саясатты гана эмес элди да сасытып жаткан «саясатчылар», аты бар, заты жок партиялар, колунан кокон тыйын келбеген Ѳкмөт, көкөйдү кескен көртирлик, каратаман калктын канын сүлүктөй соргон соттор менен прокурорлор баарыбыздын көкөйүбүзгө көк таштай тийип бүттү. Сатылма гезиттер менен арзымат журналисттер, бийликтин жугундусуна тоюп алып эртеден кечке шалпылдаган телеканалдар, «чындык»-деп коюп аны чыркыраткан «жазмакерлер» кыргыз маалымат айдыңын сазга айлантып, ыраматылык обончу Мукан Рыскулбековдун «коркпо бака, саз биздики болот» деген учкул сөзүн жашоо-турмушубузга бат эле киргизип коюшту.

Колунда пулу жок адамдардын өз чындыгын далилдөөгө, адилеттикти табууга шаасы жетпей калган заман орноду. Бийлик байгерликтин жогорку тепкичинде кумарга батып асманда жүрсө, карапайым калк таламандын так түшүндө шам  кармап алып самсаалап көчөлөрдө жүрүшөт.

Мындан он чакты жыл мурда ыраматылык «сарымүртөз» акын досум Тургунбек Бекболотов (бейиши болгур) «Жалганды төрүбүздө тайраңдаттык, А чындык ыйлап жүрөт көчөлөрдө»-деп боздоп жүрүп, көп узабай баарынан тажап, баарынан жадап   оо дүйнөгө ооп кете берген эле.

Андан соң жаңы бийлик келди. Эмне өзгөрдү? Чындыкты, адилеттикти, калыстыкты издеген элдин мүдөө-тилектерин ишке ашырып, көз жашын аарчып, колтугунан жөлөп, арка тирек болуп бердиби? Дагы эле ошол көз жаштар, ошол эле көйгөйлөр, ошол эле үзүлбөгөн үмүттөр…

Анда эмне, «Буулуп тили, таңылып көзү чындыктын, Чыркырап эле жеңилип жүрө береби?» (Т.Бекболотов).

23-март күнү кайрадан жарык көрүүгө бел байлаган «Алиби» гезити «тили буулуп, көзү таңылган» чындыкты калың элге жеткирүүнү эң негизги, эң маанилүү милдети деп түшүнүп, маалымат майданында ат салышууга даяр.

Окурман журтчулугу гезиттин ар бир санынан кыргыздын бүгүнкү күндөгү эң чыгаан журналисттери Тынчтык Алтымышевдин, Олжобой Шакирдин, Темирбек Алымбековдун, Канышай Мамыркулованын, Кубатбек Айбашевдин, Күнболот Момоконовдун, Зулпукаар Сапановдун курч калемдеринен жаралган, жалаң гана фактыларга, далилдерге таянган укуктук, социалдык, маданий проблемаларды көтөргөн, мезгилдин орчундуу маселелерин камтыган ат көтөргүс аналитикалык материалдарын, бүйүр кызыткан жаңылыктарды окуй алышат. Саясат темасы да көз жаздымда калбайт.

Мурдагы «Алибиден» айрымаланып, бүгүнкү «Алиби» укуктук маселелерге өзгөчө басым жасайт, гезит беттерине жарыяланган материалдардын 50 пайыздан ашыгы сот, прокуратура, милиция, тергөө органдарынын иш-аракеттерин чагылдырууга багытталат. Алар жөнүндөгү ар бир сын материал чара көрүү үчүн тиешелүү бийлик бутактарына жөнөтүлөт.

Байыркы доордо жашап өткөн Рим философу кичүү Сенеканын «чарчаган көздөргө көк чөптү карап туруу пайдалуу» деген сөзү бар.

Сенеканы кайталап кыргыз окурмандарына кайрылам:

Чындыкты, адилеттикти, калыстыкты таппай каржалган калкка «Алиби гезитин окуу көк чөптү кароодон да пайдалуу. Биз силердин сезимиңерге чок салабыз, намысыңарды ойготобуз, үмүтүңөргө билик болобуз. Гезит күркөлөрүнөн кыя өтпөй «Алиби» гезитин алгыла, жок болсо издеп таап окугула! Силер бизге активдүү окурман, ишенимдүү дос болсоңор, биз силерге моюбаган арка тирек, бел болобуз.

Бабырбек Жээнбеков, “Алиби” гезитинин башкы редактору

P.S. «Алиби» гезитине  туруктуу негизде иштөө үчүн дизайнер (верстальщик), менеджер жана офис-менеджерди чакырабыз. Тынымсыз изденген, ишмер, мээнеткеч, кичи пейил, шайыр, адамдар менен тил табыша билген, атайын билими бар кыз-жигиттер 0-708-29-44-86 телефонуна чалгыла.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: