“Салык кызматына өтө маанилүү өлкө бюджетин толтуруу милдети жүктөлгөнүнө карабастан, башка мамлекеттик органдардын мекемелерине салыштырмалуу анын кызматкерлеринин эмгек акысы кыйла төмөн, орто эсеп менен 5-6 миӊ сом өлчөмүндө маяна алышат экен. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди” – деп маалымдады КР ЖК Басма сөз кызматы.
«Салык кызматкерлерин биз өзүбүз коррупциялык жосундарга түртүп жатабыз. Алар 5-6 миӊ сом маянасы менен өз үй-бүлөсүн кантип багат? Башка мекемелер менен салыштырып көргүлө. Мисалы, Бажы кызматында иштегендердин пайковыйы эле 7500 сом экен. Демек, алар салык кызматкерлерине караганда 2-3 эсе көп маяна алышат. Биз анан кантип алардан бюджетти толтурууну талап кыла алабыз», – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ