Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин (мурдагы коргоо министрлиги) төрагалыгына президенттин жарлыгы менен Мирбек Касымкулов дайындалган эле. Карьералык жүрүшүн коргоо министрлигинде баштап, 2008-жылдан тарта мамлекеттик күзөт кызматында иштеп келген полковник Касымкуловдун Куралдуу күчтөрдөгү кыска аралыкта жасаган кызматтык секириктери таңгалдырууда. Өткөн жылдын июнь айында Улуттук Гвардияны жетектей баштаса, арадан беш ай өткөн соң мамлекеттик чек ара кызматынын эки тизгин, бир чылбырын колго алган. Арадан төрт ай өтүп-өтпөй бу офицер эми коргоо министрлигин чеңгелдөөгө өттү. Куралдуу күчтөрдөгү ар бир кызматтын даамын кыска аралыкта татып, гүлдөн-гүлгө конуп, бал татыган аарынын образын жаратып жүрө бербей, мунусунда көбүрөөк иштеп, тамтыгы чыккан тармакты ийге келтирсе боду.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ