Урматтуу мекендештер жана туугандар!
Биз кайсы арыбызга партияларга бөлүнөбүз? Бөлүнгөндүн бир себеби барбы? Эч нерсебиз калбаптыр, баардык кыргыз ойгонсун!
Өлкөбүз 25 жыл аралыгында башка коңшу мамлекеттерден 1 кв метр да жер албаптыр, тескерисинче, бизден миңдеген гектар жерлерибизди арендага алышып, кайтарып бербей койгонун баарыбыз жакшы билебиз. Мисалы, Каркыра казактарга, Үзөңгү-Кууш кытайларга. Ворух, Сох, Шахимардан өзбек жана тажик бийликтери тарабынан алынган. Мындан сырткары, Токмок шаарынан 800 метр жер 8 жыл мурун казактарга өтүп кеткен экен, азыр анын аты-жыты да жок. Мамлекеттик кен байлыктардын саны 1070 болсо, анын ичинен 126сы алтын кен байлыктары болуп эсептелинет. Тилекке каршы, 24 жыл аралыгында лицензияларды ар кандай ыкмалар менен чиновниктер болгону 300 сомдон сатып жеп келишкен. Мындан 90% кен байлыктарды кытайларга, ал эми 10%ын башка мамлекеттерге сатып жиберишкен. Кен байлыктардан кийинки эле мамлекеттин казынасына көп киреше алып келген беш уюлдук компаниябыз бар экен, бирок алар да биздики эмес . «Билайн» – Россияныкы, «О!»-казактардыкы, «Кател» – Американыкы, «Фонекс» – кытайлардыкы, «Мегаком» – еврейлердики…
Бишкек шаарында соода борборлорубуз бар, бирок алар дагы биздики эмес. «Бета Сторес»-түрктөрдүкү, «Вефа-борбор»-түрктөрдүкү, «Бишкек парк»-түрктөрдүкү, «Народный» дүкөндөрү – казактардыкы. Түркияны жети жылда өнүктүргөн бир акылман айткан экен, «Көп уктаган эл ойгонгондо кул болуп ойгонот» деп. Ошол сөздө чындык бар окшойт, туугандар. Нефти тармактарында бизге тиешелүү үлүшүбүз жок экен. «Газпром» – орустардыкы, «Шнос» – казактардыкы, «БНК»-орустардыкы, «Бишкек петролеум» – орустардыкы, «Роснефть» – орустардыкы.
Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген бир да банк жок экен, баары чет жактын кызыкчылыгы үчүн иштеп, карапайым элдин канын соргон банктар экен. «Демирбанк»-түрктөрдүкү, «Оптимабанк»-казактардыкы, «Халыкбанк» – казактардыкы, «Росинбанк» – орустардыкы, «Росинвестбанк»-орустардыкы.
Мына туугандар, Кыргызстанга комоктор менен калдыктардан башка эч нерсе калбаптыр. Дагы эмнебиз менен бөлүнүп-жарылалы? Же бизге ушулар аздык кылып жатабы? Биз ушундай оор кырдалда ынтымакка биригип, баарыбыз 4 млрд. долларга жеткен карызыбызды жана өлкөнүн келечегин ойлонушубуз керек. Анткени карызыбыз ар бир киши башына 1000 долларга жетти. Эгер ушундай жол менен кете берсек, Кыргызстандын тагдырын башка бирөөлөр чечип калышы мүмкүн. Ошондуктан, тарыхы ыплас партияларды шайлоого жолотпой, жаңы заманбап жашоону куралы. Көкүрөк кагып, «заводдорубуз бар» деп мактанабыз, мамлекетке иштеп, элге кызмат кылган заводдор жок экен. Кант цемент заводу – казактардыкы, Кызыл-Кыя цемент заводу – кытайлардыкы, Майлуу-Суудагы завод – кытайлардыкы, Токмоктогу айнек завод – немистердики, Хайдаркендеги завод – казактардыкы, Кадамжайдагы сурьма заводу – казактардыкы, Кара-Балтадагы нефтини кайра иштеп чыгаруу заводу – кытайлардыкы.
Ушунча байлыкты тарттырып ийип, үнүбүздү чыгарбай отура берсек, эртең өз жаныбызга да ээ боло албай калабызбы?..
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ