Буга чейин президенттик шайлоого чыга турганы күбүр-шыбыр кепке айланып келген Мыктыбек байкебиз эмнегедир унчукпай, тыныгуу алууда. Азырынча аламанга аттануусу боюнча «ак» же «көк» деп да айта элек. Биз кылдат саресеп салып көрсөк, Мыктыбек Абдылдаев КСДПнын талапкери президенттик шайлоого талпынгандан кийин бир чечимге келет экен. Ушул тапта эликти аңдыган илбирстей эле күтүү режими байкалды. Сыягы, генерал мырза бийликтин кадамынан кийин өз оюн ачыктайт окшойт. Эгерде ал хан такты үчүн чындап ат салышса, саясый талаанын картасы кыйла бузулат эле… А жеңишке жетүү Кудайдын буйругунан дечи…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ