Menu

ОшМЮИда  Нооруз салтанаты болуп өттү

Бөлүшүү:

 

Жергебизге жаңыланууну, жанданууну  алып келген  Нооруз шаңы Ош мамлекеттик юридикалык институтунда көтөрүнкү маанайдагы түрдүү  маданий иш-чаралар менен  башталды. Салтанаттын башаты  Нооруз тартуулаган алгачкы ырыскылуу тамагы- сүмөлөк кайнатуу менен коштолду. Бул тууралуу  ОшМЮИнин басма сөз катчысы билдирди.

«Ыйман, адеб жана маданият» жылына туш  келген майрамды утурлай жогорку окуу жайдын короосу улуттук калоритте кооздолуп,  бул жерде атайын кыргыз элине таандык этношаарчасы жасалгаланды. Шаарчада кыргыздын боз үйлөрү катарлаштыра тигилип, аларда Нооруздун майрамдык дасторкону кенен жайылып, улуттук тамактар коюлду. Нооруз-бул ырыскынын, берекенин, кайрымдуулуктун жана ыймандуулуктун майрамы экендиги даңазаланды. Анткени түрдүү тамактар жайнаган майрамдык дасторкондун айланасында чогулган ынтымактуу жамаат улууларга урмат, конокторго сый көрсөтүп жатты.

Майрамдык салтанатты ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов куттуктоо сөзү менен ачып, дилинде уялаган каалоо-тилектерин  билдирди. Андан кийин «Алас-алас» айтып, ысырыгын түтөткөн Умай эне жергебиз ар кандай зыян-кырсыктан алыс болуп, арылып, жаңырган жылда жалаң жакшылыктар келишин ниет кылган тилектери жаңырды.  Нооруздун шаңы өкүм сүргөн этношаарчада орун алган сахнада таланттуу окутуучу-студенттер тарабынан даярдалган атайын концерттик программа тартууланып турду. Анда майрамдык куттуктоолор, ак тилектер айтылып, мукамдуу музыкалардын коштоосунда жагымдуу ырлар жаңырды. Айрыкча юридикалык колледждин жүздөй студенти «Кара жорго» бийин бирдей чеберчилик менен аткарганы көрүүчүлөрдүн алкышына арзыды. Мында ыр-бийлерди мыкты аткарган өнөрпоздордун конкурсу уланып, алардын сахнага чыгышы күйөрмандардын көңүлүн көтөрдү.

-Ноорузга  карата атайын этношаарча курганыбыздын себеби улуттук маданиятыбызды, каада-салттарыбызды, кол өнөрчүлүгүбүздү жана улуттук оюндарыбызды даңазалоо менен жаштарга үлгү катары көрсөтүү,- дейт  юридикалык колледждин директору юридика илимдеринин кандидаты Толгонай Ураимова.

Майрамдык аземге улуттук кийимдерде келгендер энтошаарчаны ого бетер көркүнө чыгарышты. Себеби алар  бул жердеги селкинчектерде, атайын спорттук аянтчаларда түрдүү оюндарды көрсөтүшүп, көпчүлүктүн кызыгуусун ойготту. Мында факультеттердин арасында уюштурулган аркан тартыш,  кол күрөш, бука тартыш жана ат үстүндө эңиш сыяктуу улуттук оюндарда билеги күчтүүлүгүн далилдеген азаматтар калыстар тарабынан татыктуу сыйланып, күйөрмандар колдоого алып турушту.

Ошентип майрамдык сезимдер бийлеген институттун жамаатында Нооруздун шаңдуу салтанаты көпкө чейин уланды.

      

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: