Өзбекстандан чыккан белгилүү укук коргоочу, Москвада мигранттарга жардам көрсөткөн «Тонг Жахони» эл аралык коммерциялык уюмунун аткаруучу директору Валентина Чупикти 14-мартта Кыргызстанга киргизишкен эмес. Москвадан Манас аэропортуна учуп келген укук коргоочуну учакка отургузуп, Орусияга кайра жөнөтүп жиберишкен.
Валентина Чупик кыргызстандык чек арачылар опузалаганын билдирүүдө. Ал Бишкекке француз «Каритас» кайрымдуулук уюмунун семинарына катышуу үчүн келген.
– Чек арачылардын бири качкын экенимди аныктаган документимди алып койду. Кейпи, ал эч качан мындай документ көргөн эмес окшойт, ал аны текшерип, анан бир жакка чыгып кетти. Ал башка чек арачы менен келип, экөө ички паспортумду сурашты. Мен ички качкын күбөлүгүм бар экенин айттым. Алып чыгып көрсөттүм. Ал аны дагы алып, эки документимди көтөрүп алып, андан ары эмне кылуу керектигин тактаганы кетти, – деди Валентина Чупик.
Укук коргоочу Интернеттен өлкөдөгү “Качкындар жөнүндө” мыйзамды таап, Бишкектеги аэропорт кызматкерлерине бозгундар дагы кайсы бир өлкөнүн жарандары экенин түшүндүрүүгө аракет жасаган. Бирок натыйжа чыккан эмес.
Укук коргоочунун айтымында, аны бир нече саат “Манас” аэропортунун “таза зонасында” кармап турушуп, эртең менен Кыргызстандан депортация кылып жиберишкен. “Манас” аэропорту бул окуя тууралуу түшүндүрмө бере элек. Чупик КМШнын Координациялык кеңешине, ТИМге жана Кыргызстандын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине даттанууга ниеттенип жатат.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ