Menu

Премьер-министр Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Алиясбек Алымкуловду кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 16-мартта, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы башкы консулу Алиясбек Алымкуловду кабыл алды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандагы мекендештерибиз кандай гана суроолор менен кайрылган болсо убагында көмөктөшүп, маселени чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин, ага мүчө мамлекеттердин жарандарына шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бирдей болгон. Башкы консулдук тейлеген аймактарда биздин мекендештер кандайдыр бир юридикалык кеңешке же консулдуктун колдоосуна муктаж болуп калса, аларды убагында карап, мыйзамдын негизинде чечип бергиле», – деди Премьер-министр.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экономикалык кызматташтык боюнча иш алып баруу керектигин жана жеңил өнөр жай, айыл чарба продукцияларын экспортко чыгарып жаткан ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле 2017-жылдын туристтик сезонунун алдында Кыргызстандын бул тармактагы потенциалын жогорулатуу максатында активдүү жана ар тараптуу иш аракеттерди көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

“Былтыр күзүндө уюштурулган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эң жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүн казак боордоштор жана Алматы шаарында аккредитацияланган дипломаттар да белгилешти. Мындан сырткары Кыргызстандын туризм тармагынын өнүгүшүнө салым кошуу максатында учурда бир катар иш-чаралар болуп, жайкы эс алуу үчүн Ысык-Көлгө чакыруу жана өлкөнүн эс алуу жайлары жөнүндө кеңири маалыматтарды берүүнүн үстүндө иштер жүрүүдө”, – деп Алиясбек Алымкулов билдирди.

Эскертсек, Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун тейлөө округуна Казакстан Республикасынын Алматы , Жамбул жана Түштүк Казакстан облустары кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: