Menu

Айыл чарбасын өнүктүрүү – экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө

Бөлүшүү:

“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2-окууда каралды. Бул багытта кеңири түшүндүрмө берип, демилгечи депутаттардын бири Бактыбек Райымкулов “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Эл өкүлүнүн айтымында, айыл чарбасынын бардык багыттарын өнүктүрүү боюнча  тактай келгенде, өсүмдүк чарбасы, мал чарбачылыгы, тоок чарбасы, балчылык, балыкчылык чөйрөсүндө продукцияларды өндүрүүчүлөргө жана аны кайра иштетүүчүлөргө  жеңилдетилген насыя берүү жылдык 7%дан ашпаган шарттарда жүргүзүлсүн,- деп сунушталууда.

Ошондой эле депутат Бактыбек Райымкулов КР Өкмөтүнүн кайчы пикирине карата мыйзам долбоорунда ссуда берүү механизмин КР Өкмөтү өзү аныктайт деген түзөтүү кошумчаланып жатканын тактай кетти.

“Кызылча үрөнү менен камсыздоодо жергиликтүү үрөн чарбаларынын сунуштаган продукциялары Германиядан алынган үрөндөр менен атаандаша албай жатат. Түшүм алууда бир топ айырмачылыктар бар.Ошондуктан, үрөн чарбаларын аттестациялоо зарылчылыгы жаралууда”,- дейт Б.Райымкулов.

Уктурууга КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев да чакырылып, угармандардын бир топ суроолоруна жооп берди. Адистин айтымында, өлкөдө иштеп жаткан 133 үрөнчүлүк чарбасы бар. Анын арасында жеке менчик тараптарга таандык болгондору да иштеп жатат.

Айыл чарбасынын дагы бир тармагы болгон мал чарбачылыгында жетишкендиктер менен катар көйгөйлөр дагы жок эмес.

“Мал союучу жайлар  чоң көйгөй жаратууда. Кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдук жараткан учурлар бар. Мамлекетте жалгыз бир гана ишкана иштейт. Анын продукциясын Россияга экспорттоого жана  мал союучу жайларды көбөйтүүгө аракет кылуудабыз”, -деп кошумчалады адис. Ошондой эле, ал областтык жетекчилерге  райондордо ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилгендигин да белгиледи.

Депутат Райымкулов мал чарбачылыгындагы жагдайларга кайрылып, -“Эттер  текшерилбестен,  кафе же башка тамак ичүүчү жайларга  жөнөтүлүп жаткандыгы кейиштүү.  Мындай көрүнүштү токтотуш үчүн, ветеринардын уруксаты жок эч бир  сатылуучу мал барзарга чыкпасын,- деген  тыюу салуу зарыл”,- деди. Болбосо, мал  союлган жерде алардын каны текшерилбей, бардыгы аралашып жаткандыгы ар кандай оорулардын жайылышына алып келет,- деп кооптонот эл өкүлү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: