Menu

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Ар нерсени дөөдүрөп сүйлөбөш керек экенин Атамбаевге да айтып койгула!

Бөлүшүү:

“Мен 4 нерсе жөнүндө айткым келет.  Биринчиден, бүгүнкү тегерек үстөлдүн уюштуруучуларына өзүмдүн жана кечээги күнү президент Атамбаев чет элдик элчилердин алдында аябай көңүл бурган Сөз эркиндигин коргоо комитетинин атынан терең ыраазчылыгымды билдирем. Биз бул ишти көптөн берип жасап келатабыз, ал эми силердин бул ишти бүгүн жасаганыңар аябай актуалдуу жана чынында эле эрдик деп эсептейбиз”, – деп билдирди кечээ, 16-мартта Кыргызстандын көз карандысыз журналисттер союзу уюштурган сөз эркиндиги боюнча тегерек үстөлдө сүйлөп, экс-депутат Равшан Жээнбеков.

“Экинчиден, эгерде биз жакшы мамлекет курабыз десек,  келечектүү, кофморттуу мамлекет курабыз десек анда бизде мамлекетте бир топ маанилүү, күчтүү мамлекеттик институттарды жана маанилүү фундаменталдуу принциптерди колдоого туура келет.  Ошол, фундаменталдуу принциптердин бири – сөз эркиндиги жана массалык маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгы болуп эсептелет. Эгерде биз өлкөдө сөз эркиндиги менен массалык маалымат каражаттарынын эгемендүүлүгүн сактабай турган болсок анда биз эч качан мамлекетте эффективдүү башкарууну, коррупция менен күрөшүүнү, жакырчылык менен күрөшүүнү жолго коё албайбыз да жакшы мамлекет эч убакта куралбайбыз. Ошондуктан биз сөзсүз түрдө сөз эркиндигин, массалык маалымат каражаттарын колдогонго, коргогонго үйрөнүшүбуз керек. Саясатчылар, журналисттер жана жарандык коом, баары. Бул аябагандай маанилүү.

Үчүнчүдөн, бийлик саясатчыларды куугунтуктап жатканда сиздер баардыгыңар карап тургансыздар, баардыгыңар “оппозициялык саясатчыларды тебелеп жатат” деп кошулуп алып бизди кошо шыбаган журналисттер менен массалык маалымат каражаттары да олтурасыздар бул жерде.  Андан кийин эми кезек, ошол эгемендүү жана анча-мынча көз каранды эмес  массалык маалымат каражаттарына келди. Азыр эми мынакей, алардын кезеги келип жатат. Жакында алардан башкаларга өтөт. Эгерде карап олтура берсеңер,  баардыгыңарга кезек жетет журналисттер. Анткени бийликтин бүгүнкү системасы , саясаты – ал эгемендүү, көз карандысыз маалымат каражаттарын жок кылуу болуп эсептелет. Ошондуктан эми жөнөкөй журналисттерге да кезек келатат. Мындай учурда баардык массалык маалымат каражаттары, баардык журналисттер биригип, чогуу иштегенге аракет кылыш керек.

Төртүнчүдөн, азыр, бул жерде президентти колдоп сүйлөгөн кээ бирлер айтып жатат ”жалган жалаа жапкан болбош керек, туура эмес маалымат таратпаш керек, журналисттик этиканы кармаш керек” деп. Урматтуу президентти колдоп сүйлөгөндөр! (Ушул жерде экөө-үчөөсү колдоп сүйлөдү, мен атын атабай эле койгонум жакшы). Ошол журналисттик этиканы же президенттик этиканы сактоону, жалган маалымат таратпаш керек экенин, ар нерсени дөөдүрөп сүйлөбөш керек экенин Атамбаевге да айтып койгула! Ал аябагандай маанилүү жана принципиалдуу маселе”, – деди экс-депутат Равшан Жээнбеков.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: