Ар ким бактысын ар тараптан таап келет. Маселен, бири нан сатып, бири ун сатып, дагы бири сүт азыктарын, дагы бири наркотрассадан оокат тапса, айтылуу Шаршенбек Абдыкеримов деген мырза бактысын адамды жинди кылган арактан таап туру. Ырасында, атың өчкүр арак коомду кандай бузуп атканын көрүп-билип турсак дагы тыюу сала албай келебиз. Кадимки Шакинин «АЮ» деген аталыштагы арак чыгарган заводу былтырлардан «Кызыл өрүк» деген аталыштагы арак чыгарыптыр. Мейли, атын атаса атай берсин дейли, бирок дал ушундай аталыштагы ыр бар эмеспи. Ал эми биздин мыйзамда кандайдыр бир аталышты мыйзамдуу түрдө ким бирөө каттатып ала турган болсо, анда ал ат ошол адамдын интеллектуалдык менчигине айланат. Маселен, ырчылардын, акындардын ырлары, чыгармалары атайын каттоодон өтүп, автордук укуктары корголот. Эгер ошончолук эле аталыш зарыл болуп атса, анда автордон келишим аркылуу сурап же уруксат алыш керек. Бирок «аючулар» андай кылган эмес. Тагыраагы, ырдын авторуна эч кайрылбастан эле аталышын энчилеп, ал аз келгенсип так ошол ырдагы «Кызыл өрүк, кызыл өрүк, сүйүп калдым сени көрүп…» – деген саптарын дагы арактын бетине чаптаптыр. Арак чыккан күндөн бери «Кызыл өрүк» ырынын автору Мирлан Алыкулов сотко кайрылып, укугун коргой албай жүрөт. Ал ырды автор 2012-жылы эле патенттен өткөрүп, менчиктеген экен. Эми ушул жерден жөнөкөй собол туулат. Эмне бетти табактай кылып бирөөнүн укугун тебелеген «АЮ» компаниясына мыйзам иштебейби? Же мыйзамды да «аючулар» акчага, аракка сатып алышканбы? Акыйкаттык кайда?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ