КСДП фракциясынын депутаты болуп туруп, бирок ар дайым бийликтин өзүнө сын айтып келе жаткан Жанар Акаев деген өзгөчө ой жүгүрткөн депутат бар. Кеп анын бийликтин партиясынын депутаты болуп туруп, бийликке сын айтканында деле эмес. Калыс пикирин айта алганында. Кез-кезде аша чаап кетип бармагын тиштеп калганы болбосо, ар дайым сөз эркиндигине, журналисттердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу акыйкат сөзүн айтат. Жогорку Кеңеште журналисттер ишмердүүлүгү боюнча талаш-тартыш чыкты эле Жанар мырза тайманбай эле: “Журналисттерди бир тараптуу каралоону токтотсок. Алар маалымат булагына таянып жазып жатышат. Журналисттер жазганына жооп берсе, саясатчылар айткан сөзүнө жооп берсин”, – деп адилет сөзүн айтты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ