Бүгүн, 17-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар Аксы окуясында каза болгондорду эскеришти.Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылындагы кайгылуу окуянын 15 жылдыгына карата Жогорку Кеңештин депутаттары “Ала-Тоо” аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы апрель окуясында каза болгондорго арналган эскерүү монументине гүлчамбар коюшту. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ