Menu

Улуттук китепканада «Элине өтөгөн эмгек» аттуу көргөзмө болуп өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө мамлекеттик жана коомдук ишмер  Болот Мамбетовдун  туулгандыгынын 110 жылдыгына арналган «Элине өтөгөн эмгек»  аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Бул туралуу Улуттук китепканада билдирди.

Эске салып кетсек, Болот Мамбетов 1907-жылы Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Жер-Үй айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1929-жылдан бери КПССтин мүчөсү. 1930-жылы Оренбург шаарындагы рабфакты бүтүп, 1935-жылы Москвадагы суу чарба инженерлер институтун бүтүргөндөн кийин, республиканын партиялык-советтик органдарынын ар түрдүү жетекчи кызматтарында иштеген. Өзүнүн эмгек жолун райсуучарбасынын  райондук инженеринен баштап, кийинки жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы, Фрунзе обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССР ИА суу чарба институтунун директору, Кыргыз ССР суу чарба министри болуп иштеген.1961-жылдан пенсияга чыкканга 1968-жылга дейре Кыргыз ССР Министрлер Советинин Төрагасынын кызматында иштеген. Мамбетов иштеген мезгилинин ичинде өзүн социалисттик   өндүрүштүң чоң уюштуруучусу катары көрсөткөн, Советтик Кыргызстандын экономикасын жана маданиятын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон.

Б. Мамбетов республиканын коммунисттери менен эмгекчилери арасында татыктуу кадыр-баркка ээ болгон. Ал КПССтин ХХII жана  XXIII съезддеринде КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидаттыкка шайланган. 1940-жылдан баштап Кыргызстан Компартиясынын БКнин мүчөсү болгон. СССР жана Кыргыз ССР Жогорку Советтеринин депутаттыгына бир нече жолу  шайланган.

Партиялык жана мамлекеттик иштердин бардык кызматтарында Б.Мамбетов жогорку уюштуруучулук сапатты жана тапшырган иш үчүн жоопкерчиликти көрсөтчү.

Аны идеялык ынангандык, ырааттуу интернационализм, партиялык принциптүүлүк, адамдарга көңүл буруп мамиле жасоо жана өздүк жөнөкөйлүк айырмалап турчу.

Республиканын экономикасы менен маданиятын өнүктүрүүдө сиңирген эмгеги үчүн Б. Мамбетов үч Ленин ордени, үч Эмгек Кызыл Туу  ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана Советтер Союзунун көптөгөн медалдары менен сыйланган.

Кошуп кетсек, көргөзмөгө ал жөнүндөгү китептер, эскерүүлөр, изилдөөлөр, газета-журналдык материалдар жайгаштырылды.

 

   

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: