Menu

Кыргыз Республикасынын аскер сотторунун судьяларынын кызмат орундарында ыйгарым укуктарды жүргүзүүнүн токтотулушу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Бөлүшүү:

КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлык боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин З-бөлүгүнө, аскер сотторунун судьяларынын штаттык бирдиктерин Кыргыз Республикасынын тиешелүү жергиликтүү сотторуна өткөрүп берүүнү караган 2016-жылдын 23-декабрындагы № 216 «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана 2016- жылдын 23-декабрындагы № 217 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылынды:

1. Жергиликтүү соттордун төмөнкү судьялары үчүн аскер сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү 2017- жылдын 1-мартынан баштап токтотулду:

Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялары:

– Джунусов Эркин Маткаримович;

– Сулайманов Жолдошбек Атакеевич;

Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун судьялары:

– Карабеков Алмаз Маматбекович;

– Тентимишов Марлэн Бактыгулович;

Ош гарнизонунун Аскер сотунун судьялары:

– Кабылбеков Таалайбек Мейманжанович;

– Суеркулов Эрлан Оморалиевич.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: