Казакстан алдамчылыкка шектелип эл аралык издөөгө алынган Германия жаранын Кыргызстанга өткөрүп берди. Өлкө ИИМи 66 жаштагы Аселборн Вальдемар күн мурун экстрадицияланганын билдирди.
Тергөөнүн версиясы боюнча Аселборн Вальдемар 2013-жылы майда Германиядан шире чыгаруу үчүн жабдуу алып келүүнү убадалап, кыргызстандык жарандан 120 миң доллар алып кеткен.
Ал Алматы аэропортунда 2016-жылы октябрда кармалып, экстрадицияга чейин убактылуу тергөө абагында жаткан. Шектүү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ