Стамбулда «Ислам мамлекетинин» ири теракт даярдап жаткан мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу CNN Turk билдирүүдө. Маалыматка караганда, теракт 2017-жылдын 1-январында Reina клубунда жасалгандагыдай масштабда болмок.
Кармалган Өзбекстандын эки жаранынан курал-жарак, жардыруучу зат жана диск, флешкалар алынган. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча террористтер Стамбулдагы туристтер көп жүрчү жерлердин биринде кол салуу уюштурууну көздөшкөн.
1-январда Reina клубундагы кол салуудан 39 киши мерт болуп, 69у жараат алган. Клубдун ичинде жалпысынан 600 киши болгон. Терактка күнөөлүү катары өзбекстандык Абдулкадыр Машарипов аттуу жаран кармалган. Куралдуу кол салууга жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террористтик тобу өзүнө алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ