Ооганстандагы чет өлкөлүк коалиция Гильменд провинциясындагы базада жасалган чабуулда үч америкалык жоокердин жаракат алганын билдирди.
Быйыл мындай окуя биринчи жолу катталды. Бирге кызмат өтөгөндөргө каршы ок чыгарган ооган жоокери өлтүрүлдү. НАТО миссиясынын өкүлү Twitter’де жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.
Учурда Ооганстанда 8 миңден ашуун америкалык аскер кызматкери бар. Алар ооган армиясын жана полиция күчтөрүн окутуп, “Талибан” кыймылына жана башка топторго каршы операцияларды өткөрүүгө көмөктөшүүдө. Былтыр октябрдан бери Ооганстанда ондон ашуун америкалык аскер курман болду, дагы бешөө туткунда.
Ооганстанда 1994-жылы “Талибан” ислам кыймылы пайда болгон. 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы теракттан кийин НАТОнун командасы алдында эл аралык куралдуу күчтөрдүн коалициясы Ооганстанда аскердик операция баштап, топтун мизин кайтарган. 2014-жылы Американын Куралдуу күчтөрү аскер миссиясын жыйынтыктап, бирок өлкөдө бир нече миң кызматкерин калтырган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ