Menu

Аман Самаков, Карганбек Самаковдун уулу: “Атам Жаныш Бакиев менен дос болсо, анын тоюнда жүрөт эле да”

Бөлүшүү:

2014-жылы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаковго козголгон кылмыш иши бүгүнкү күнгө чейин аягына чыкпай келет. Күбө катары 60тан ашык киши суралып, Самаковдун ак экендиги баса белгиленип атса дагы чекит коюлбай жаткан соттук иш атайын буйрук менен жасалганын айгинелеп тургандай. Биз бул иштин күңгөй-тескейи тууралуу Карганбек мырзанын уулу Аман Самаковду кепке тарттык.

—Аман мырза, бир жылдан бе­ри атаңыз Карганбек Самаков ме­нен агаңыз Кубанычбек Самаков Бишкек шаарынын Октябрь райондук сот процессине катышып келди. Узакка созулган соттун аягында мамлекеттик айыптоочу атаңызды мүлкүн конфискациялоо менен 19 жыл, аганызды 18 жылга эркинен ажыратууну суранды. Мындай чечимди күттүңүздөр беле жана алдыдагы кадамдарыңыздар кандай болот?

—Мен бир дагы сот процессин калтырбай, баарына катышып келем. Алгач төрт айыптоочу иш алып бар­са, бирөө жумушун которуп кетип үчөө калган. Бирок процесске кээде эле үчөө катышпаса, көбүн эсе экөө иш алып барууда. Алардын бири Жеңишбек Нуралиев соттук отурумдун көбүн уктап өткөрдү. Бул кишинин процессте уктап түшкөн сүрөттөрү журналисстерде өзүнчө бир коллек­ция. Ал эми берилген буйрутманы ашкере аткарып жаткан прокурор Медербек Абдышев болду. Дегеним, сотто 61 күбө суралып, 60ы «К.Самаковду жеке тааныбайм, жерди трансформация кылганга таасир эткен эмес, трасформация мыйзамдуу өткөн» деген сөздөрүнө карабай үнүн өктөм чыгарып, аларга кысым жасап атканы ачык эле байкалып турду. Көп учурда чындыкты айтып жаткан күбөлөрдү кагып-силкип, тыйганга үлгүрсө, күбөлөрдүн көпчүлүгү прокурорлор тергөө учурунда коркутуп-үркүтүп, кысым көргөзүү менен Самаковго каршы көргөзмө бергиле деп мажбурлаганын жашырышкан жок. Кандай аракет кылышпасын иштери оңунан чыкпаганын түшүнгөн соң 61-күбө катары жеке мага чоң акча карыз Нурлан Асанов аттуу шылуунду алып келишип, негизги күбө кылганга аракет кылышты. Чынында ал адамды атам жакындан деле тааныбайт, кезинде «Ата Мекен» партиясында Райкан Төлөгөновдун жардамчысы болуп иштеген экен. Тескерисинче Н. Асанов мени менен бөлөк жерден таанышып, ишенимиме кирип, жакшы долбоор сунуштап, алдап акчамды алып кайтарбай жатканы боюнча милицияга арыз менен кайрылгам. Керек болсо карыз алдым деген тил каты менен видео тасмасы да бар. Сот бул адам боюнча иш козгогондун ордуна про­курорлор аны калканычка алып, үй-бүлөбүзгө каршы иштетти. Мили­ция тергөөчүсү мага: «Кечирип кой, биздин шефтерибиз жол бербей жатат»,- деп түз эле айтты. Менде про­курор М. Абдышев, Н. Асановду сот залында кандай сүйлөөрүн соттун кабинетине киргизип алып үйрөтүп жатканы боюнча видео жана фото далилдер бар. Ал эми Нурлан Асанов тууралуу кеп кыла турган болсок, бул чоң шылуун экен, мен аны кийин билдим. Ага 2004,2007,2012, 2013-жылдары алдамчылык, мародерлук ж.б. беренелер менен иш козголуп, көп жыл издөөдө жүрүп, камалып дагы чыккан экен. 2016-жылы элди арзан турак жай менен камсыз кылып берем деп алдап, акчаларын алып из жашырып дагы иш козголуп, азыркы учурда издөөдө. Мен ага 2014-жылы карызга акча берип жаткан учурда жаштык жана ишенчээктик кылыптырмын. Соттун К. Самаковду кайдан жана качантан бери тааныйсың деген суроосуна Н. Асанов «2014-жылдан бери» деп жооп берген. Анда сот: «Сиз кандайча 2008-жылкы окуя боюнча күбө бо­луп жатасыз?»- дегенде дааратканага чыгып келейинчи деген боюнча сотко келген жок. Мына ушундай жалган жалаа, кысым, коркутуу-үркүтүү менен бул иш токулган десем жаңылышпайм. Коюлган дооматтарынын бир пайызы да далилденген жок. Мунун баарын эске алып, прокурорлор уят болбош үчүн биз айыптан баш тартабыз дейби экен деп күтүп аткам. Тескерисинче сотто эч нерсе болбогондой 19 жыл сурашканында мен буларда эч бир адамдык сапат жок экенин түшүндүм.

—Козголгон кылмыш иш жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?

—Атама жана агама КЖК (Кылмыш-жаза кодексинин) 303-беренеси менен иш козгошту. Бул берене тек гана мамлекеттик кызматта иштегендерге коюлат. Ал тургай бул беренин аты да «мамлекеттик кызматкерлердин кылмыштары» деп турат. Баарыңыздарга маалым болгондой, 2007-2010-жылдары Бакиевдер атамдын депутаттык мандатын тартып алып (оппозициялык ишмердигине байланыштуу) үч жыл эч кандай Бакиевчил болбой эле жеке ишмердүүлүк менен алек болуп жүргөн. Ал эми трансформация 2008-жылы бо­луп атат. Агам Кубанычбек Самаков ал кезде, андан мурун, кийин дагы

мамлекеттик кызматта бир дагы күн иштеген эмес.

—Анда эмне себептен атаңызга 303-берене менен иш козгоду?

—Парламенттин макулдугусуз камай турган жападан жалгыз бере­не экен. Ошентип атамды «Манас» эпосуна арналган мааракеден алдап, суракка күбө катары чакырып, спец­наз менен террорист кармагандай эле кармап кетишкен. Эртеси эл колдоп митингге чыгып, анын эртеси сот үй камагына чыгарганга мажбур болгон. Бирок үй камагына ММКларга иш боюнча маалымат бербесин, пресс-жыйын кылбасын, интернеттен иш боюнча маалымдабасын, жакын туугандары менен байланышпасын деген чектөө менен чыгарган.

—Мындай чектөө мыйзамда жок да?

—Бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болгон преце­дент экен.

Атам мыйзамды сыйлаган адам катары иш боюнча интервьюларды бербей келген. Биз тарап, жашырган эч нерсебиз жок, тарыхка калсын, видеого тарталык десек, сот да, проку­рорлор да көнбөй коюшту. Бул көрүнүш кимдин ак, кимдин кара экенинен кабар берсе, 2-3 айда бүтчү иш 1 жыл 3 айга прокурорлор тарабынан сотту колдон келишинче созушканы атамдын ак экенин дагы бир ирет айгинелейт. Соттолуучулар менен жактоочулар соттук отурумга кал­тырбай келип, прокурорлор эргүү сурап, командировкалап жатышты. Эң узак тергөө 3-4 ай болсо, бул ирет 1,5 жылга чейин созулду. Бул аралыкта атамдын мамлекет үчүн жасала тур­ган көптөгөн долбоорлорунун жарымы-жартылайы ишке ашпай калды.

Үч жылдан бери атаңыз ме­нен агаңызга болгон иш-аракеттер үй-бүлөңүздөргө таасир тийгизбей койбосо керек. Сурайын де­геним, апаңыздын абалы кандай?

—Бул сыноолордон кийин биз­дин үй-бүлө мурдагыдан да күчтүү, кайратуу жана бекем болуп калды окшойт. Апам он жылдан ашуун убакыттан бери беш убак намаз окуган, ислам жолундагы адам. Ислам жолундагы адам сыноолорго сынбаган, алсырабаган, тескерисинче күчтүү болот эмеспи. Андыктан бизге бир да жолу алсыздыгын көргөзгөн жок. Прокурорлор атамды камаардын алдында бизди он чакты күн аңдышты. Менин аркамдан да ар кандай автоунаалар калбай ээрчип жүргөн учурлар болду. Көрсө булар жамандыка бараарда даярданат экен да…

Телефондогу сүйлөшүүлөрдү тыңшоо менен атамдын камала турган күнүн таятамдын 80 жылдык тоюнун алдына белгилешиптир.Той 16-майда өтө турган болсо, 15-майда атамды камап салышты. Эркектердин көбү тойго катыша албай, эртеси митингде болуп калдык. Ал эми тергөөнү сотко ашыра тур­ган күндү Мирбек Расулов сыяктуу прокурорлор менин үйлөнүү тоюма белгилептир. Кандай учурда каршылык көргөзө албай калышыбызды жакшы билишкендиктен, тойго бир нече саат калганда агамды Прокуратурага чакырып, мыйзамсыз камайбыз деп чыгышты. Бул көрүнүш биздин үй-бүлөнү кыжаалат кылды. Арадан он чакты күн өткөндөн кийин таятам ашказанынан рак бо­луп операцияга жатты, бул учурда баарыбыз ооруканада жүргөндөн, эч кимибиз интервью бергенге чолобуз тийбей турганынан пайдаланып бир беткей маалыматтык чабуул кылышты.

—Карганбек Самаков Бакиевдерге таянып жер участокторун мыйзамсыз трансформация кылган дегенге кандай жооп берет элеңиз?

—Албетте, бул жалган маалымат. Атам 2006-жылкы ноябрь, 2007-жылкы апрель митингдеринде «Бакиев кетсин!» деп жүрсө, 2007-жылы апрелде укук-коргоочу Бектемир Акуновдун өлтүрүлгөнүн ыкчам түрдө өзү ачыктап, Бакиевдерди ошондо эле канкор экенин далилдеп, 2007-жылы парламент таркатылып шайлоого кайра «Ата Мекенден» барып жатса, шайлоодон Бакиевдин амалкөйлүгү менен «Ата Мекен» жеңиштен четтетилип, пар­тия менен кошо мандатка жеткен атам үч жыл үйдө отурса, 2010-жылы кайра «Ата Мекенден» шайланып келип, анан кайдан Бакиев ме­нен ынак болмок эле? Бул жерден Прокуратура дагы уят болду. 2008 же 2009-жылбы, эсте жок, арабдар делегациясы келип, алар эмирдин жакындары болгон соң мамлекеттик резиденцияда конференц-залды коммерциялык негизде алып, алар менен жолугушуу өткөрүп жаткан да ошол жерде жашаган агасын кайтарган Жаныш Бакиев күтүүсүз кирип келип булар кимдер, эмне иш менен жүрүшөт деп таанышып, сүрөткө түшүп чыгып кеткен. Ошол бир топ сүрөттөрдүн ичинен Ж. Бакиев атам менен түшкөн сүрөттү прокурорлор алып, ары жагындагы арабдардын, котормочу, протокол кызматкерлеринин, атамдын жардамчыларынын ж. б. сүрөттөрүн кесип салып мына далил, дал ушул жерден 1 млн. доллар берип трансформация кылган деп жар салып жиберишкен. Бул акылга сыйбаган иш да. Себеби 15тей адамдын көзүнчө ким ошондой па­ра бермек эле. Бул прокурорлордун эптеп иштин материалына бирдеке киргизиш керек болгондугунан келип чыккан деп ойлойм. Себеби иште эч бир жүйөлүү документ жок. Жаныш Бакиев менен атам дос бол­со, Жаныштын тоюнда жүрөт эле да, Адахан Мадумаровдор менен чогуу чепкен жаап. Болбосо 6 млн. калктан бирөө-жарым көрүп, күбө болуп сүйлөп берет эле да…

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: