Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотованын жетекчилиги менен Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирге кызматташуунун көйгөйлөрү, улгайган жарандардын социалдык кызматтарга керектөөсүн аныктоо жана үйүнө барып социалдык жактан тейлөөнү эффективдүү далилдөө боюнча маселелер каралып, талкуу жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Тегерек столдун максаты жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөргө улгайган жарандардын керектөөсүн аныктоо болуп, Министрликтин буйругу менен пилоттук облустар Чүй облусунан Токмок шаары, Москва району жана Жалал-Абад облусунан Жалал-Абад шаары, Аксы району аныкталган.
Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө улгайган жарандарды жана ДМЧАларды үйүнө барып социалдык жактан тейлөөдө 927 социалдык кызматкелер жалпы 10 миң 600 дөн ашык турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарды үйүнө барып социалдык жактан тейлейт, алардын ичинен жалгыз бой улгайган жарандардын саны 5144, ДМЧАлардын саны 2387 адамды түзөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ