Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Алмазбек Атамбаевди жана өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Жаратылыштын жаңыргандыгы тууралу жакшы кабарды тартуулаган бул жазгы майрам жогорку ыйман жана чын ыклас достук сапаттарын ширелтүүгө өбөлгө болот, адамдар арасында тилектештикти бекемдейт.
Азербайжан менен Кыргызстан ортосундагы Нооруздун байыркы салттарына таянуу менен достук мамилелерди жана кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү жолундагы биздин биргелешкен күч-аракеттер мындан ары да кыйшаюусуз уланат деп ишенем», – деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
Азербайжан Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук жана бакты-таалай, ал эми Кыргызстан элине тынчтык менен гүлдөп өсүүнү каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ