Menu

Ислам дининдеги ич ара бөлүнүүнүн себеби эмнеде жана ким чыныгы мусулман болуп эсептелет?

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө мусулман коомчулугунда бир канча топтордун, уюмдардын бар экендиги баарыбызга маалым. Ар бир топ өзүнүн көз карашы жана максаттары менен айырмаланат. Мына ошол топтордун бири-биринен айырмачылыгы жана өзгөчөлүгү боюнча теология илимдеринин доктору Зайлабидин Ажимаматов менен маек курдук.

Саламатсызбы Зайлабидин таксыр, мусулмандардын агымдарга жана башка топторго бөлүнүүсү жөнүндө кенири маалымат бере аласызбы?

-Бөлүнүүнүн көптөгөн факторлору бар, биз аны бир эле нерсе менен чектей албайбыз. Эң алгач мусулмандардын бөлүнүүсүнө чоң таасир берген нерселердин бири – бул, саясат. Экинчиси, ар түрдүү көз караштардын динийлешүүсү же болбосо ишеним абалына келүүсү. Ошол саясий көз караштын динийлешүүсү мусулмандардын ар кандай топторго бөлүнүүсүнө аябагандай чоң таасирин тийгизген. Мына ошол процесстер азыркы күнгө чейин өз таасирин берип келет. Мисалы, азыркы күндөгү “Аль-Каида”, “ИШИМ” сыяктуу топтордун пайда болуп жатканы мына ушуга мисал боло алат. Ошондуктан мусулманчылыктагы бөлүнүүчүлүккө өзгөчө маани берүү керек. Илимий негизде пайда болуп, калыптанган мазхабтарды баш­ка топтордон бөлүп кароо зарыл. Мисалы, илимий негизде калыптанган мазхабтардын бири ханафий мазхабы. Ханафий мазхабынын ичиндеги талаш-тартыштар бөлүнүүгө эмес, анын өсүп-өнүгүүсүнө жана калыптануусуна себеп болгондугун айтсак болот. Башкача айтканда, мына ошол талаш-тартыштар алдыга жылууга, системалашууга, өнүгүүгө аябай чон таасир берген. Ошонун негизинде ислам дини күчтөндү, илимий жактан өнүктү, маданият калыптанды жана ислам дини көптөгөн аймактарга жайылды. Мындан тышкары илимий негиздеги мектеп болуп ка­лыптанган мазхаптар ислам дининин илимий жактан өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошту. Ал эми саясий жактан бөлүнүп, өз-өзүнчө топ болуп калыптанган агымдар ислам динине, жалпы эле мусулман коомчулугуна бир топ зыяндарды алып келди. Азыркы күндө да мына ушундай процесс уланып келе жаткандыгын айтсак болот.

Сиздин оюунузча мусулмандардагы болүнгөн фыркаларды жөнөкөй динден кабары жок инсан кантип аныктайт?

-Мусулманчылыктан бөлүнгөн фыркалардын ар биринин өзүнүн идеологиясы аркылуу аныктаса болот. Сырткы көрүнүшү негизги фактору эмес. Кээ бир топтордун сырткы ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН жактары бар. Бирок ага карап жыйынтык чыгаруу кыйын маселе. Негизинен көз карашы, пикирлери менен өзгөчөлөнүп турат. Терең диний маалыматы

жок инсандар фыркалар ортосундагы айрымачылыктарды билүүсү кыйын. Фыркаларды айырмалай билүү үчүн алар менен сүйлөшүп, баарлашуу зарыл.

Кыргызстанга “Таблиги жамааты” уюму мамлекеттик каттодон өткөн эмес. Анан кантип даават иштерин жүргүзүп жатат?

-Кыргызстандагы “Таблиги жамаа­ты” КМДБнын көзөмөлүндө даават иштерин жүргүзүшүүдө. Башкача айтканда, КМДБнын даават иштери боюнча бөлүмүнүн ишмердүүлүгү катары иш алып барышууда.

Ар бир фырка өзүн туура жолдомун дсп эсептейт. Чындыгында кайсынысы туура жолдо?

-Негизинен тарыхта ар бир фырка өзүн эң туура жолдо экенин айтып келет. Керек болсо өздөрү тутунган фыркаларды Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) менен байланыштырганга чейин баргандар да бар. Негизинен калимаи шахадатты тили менен айтып, дили менен тастыктаган адам мусулман болуп эсептелет. Пикирлери, иш-аракетгери туура эмес болгон болсо, ошол каламдарына жараша туура эмес деп айта алабыз. Азыркы күндөгү мусулман коомчулугундагы чоң көйгөйлөрдүн бири – кээ бир мусулмандар­дын бири-бирин күфүр менен күнөөлөп жатышы же болбосо мен мусулманмын, сен му­сулман эмессиң деген маселе.

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: