Menu

Текебаевди камаш үчүн күнү-түнү иштеген сот чындыкты айтып чыккан адамдардын тагдырына келгенде

Бөлүшүү:

Билбейм, бийлик башында олтургандар өздөрүн кол жеткис укшмуштуудай кучтүү адамдай сезишеби же Ак үй короосунда АШАнын бийлигин эртерээк кетирүүнү каалаган, “котур ташы койнунда жаткан” интригандардын ишиби, айтор, Кыргызстандагы коомдук-саясий абал аябай чыңалып кетти. Б.а. жетчү чектен да ашып түштүк.

Саясатчы Азимбек Бекназаров салыштырып айткандай, УКМКнын тергөө абагы Кокон хандыгынын зындан оросуна куп гана айланганы аз келгенсип, эми оозунан бийликти сындаган пикир айткан эле адам табылса, катуу куугунтукка тушукчу болду. Ошондой маанайды чагылдырганы айтылган “Заноза” сайты, “Азаттык” үналгысы, абактагы депутат Текебаевдин адвокаттары, жеке журналисттерге каршы Башпрокуратура миллиондогон дооларды коюп сотко кайрылып, алардын үй-мүлктөрү камакка алынууда. Абал оор. Чейрек кылымдан бери куруп келе жаткан демократиялык коомдун фундаменти чекесинен оюла баштады. Кулап, коркунучтуу коом курулуусуна аз калды окшойт.

Мына ошондуктан да өлкө келечегине кайдыгер карабаган активисттер 18-мартта Бишкекте сөз эркиндиги жана саясий укуктарды коргоо багытында жөө жүрүш уюштурган болушчу. Керней-сурнай тартылып, майрамдык шаң менен башталган жүрүшкө жүзгө жакын адам катышты. Плакат, желек, шарларды кармаган тынч жүрүш Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталып, Байтик баатыр көчөсү менен ылдый түшүп, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында аяктаган.

Иш-чарага парламент депутаттары Каныбек Иманалиев, Аида Салянова, Жанар Акаев, Наталья Никитен­ко, ошондой эле Равшан Жээнбеков, Эдил Байсалов өңдүү саясатчылар, укук коргоочулар, журналисттер жана жарандык активисттер катышты.

Жаңжал жүрүш Бөкөнбаев көчөсүнө жеткенде башталды. Жакшынакай эле бараткан активисттердин бир тобун милиция күч менен кармап кеткен. “Бөкөнбаев көчөсүнөн бизге милиция тарабынан кол салуу болду. Бизди бастырышкан жок. Биз жолду эч кандай тосмок эмеспиз. Керек болсо бир тилке менен басып, мерчемделген жерге он мүнөттө жетмекпиз. Алар атайын чагым кылып жүрүштүн катышуучуларын кармап кетти. Мени да кармаганга аракет кылышты. Мунун баары мыйзамсыз”,- дейт жүрүштүн уюштуруучусу Эдил Байсалов.

Демек, элдин өз конституциялык укуктарын пайдаланып, пикетке же жөө жүрүш жасоого да укугу жок калган турбайбы. Болбосо, үч авто­бус толгон милиция кызматкерлери кантип эле оперативдүү түрдө пайда боло калат? Аны айтпасак деле баа­ры алдын-ала пландалганы билинип турат го. Ошол милиционерлер эмесе депутат Каныбек Иманалиевди тааныбайбы? Аны жөн гана “ради шутки” кармап, кайра коё беришкен сыяктанат. Ал эми жаш активист, “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековду, ушул эле партиянын мүчөсү Айбек Мырзаны, энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевди, экономист Азамат Аттокуровду жана Мухитти тез аранын ичинде сот чечими менен 5 суткага камашты. Булардын адвокаттары жолотулган жок. Жада калса, булар кааласа-каалабаса да 5 сутка камакта болуудан башка айлалары жок экен. Себеби адвокаттар аппеляциялык арыз берейин десе, майрамдарга байланыштуу соттор иштебейт. Булар камакта жаткан акыркы күн, 22синде гана сот эшигин ачат. Таң каласың, Текебаевди камаш үчүн күнү-түнү иштеген сот чындыкты айтып чыккан адамдардын тагдырына келгенде кантип эле иштебей калат? Нөөмөтчү судья карай бериш керек го?

Эмнеси болсо да, бийлик өз башына өзү балээ үйүп жаткандай туюлуп жатат. Сөз эркиндигин муунтуу эксперименти мурунку эки режимдин кулашын шарттаган. Бул азыр кимге керек? Төңкөрүштөрдөн тажап бүткөндөй болдук эле го… Же…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: