Menu

Фотобаян – Жалал-Абадда Ноорузду шаңдуу майрамдашты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында Нооруз майрамы жалпы элдин катышуусу менен шаңдуу маанайда майрамдалды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Майрамдык иш чарага карата борбордук аянтка эки боз үй тигилип, алты бакан селкинчектер орнотулуп, Нооруз майрамына келгендердин кызматына коюлду. Айыл чарба азык-түлүктөрү, тамак-аш азыктары менен өнөр жай товарлары коюлган жарменкелерде  шаардыктар менен келген конокторго кеңири соода-сатык кызматтары көрсөтүлдү.

Нооруз майрамы башталаар алдында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, КРнын Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов жарманкелерге чыгарылган азык-түлүк жана өнөр жай товарларын бир сыйра көрүп, кыдырып чыгышты. Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чара театралдаштырылган оюн-зооктор менен башталды.

Андан сон Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында өткөрүлгөн майрамдык салтанаттуу иш-чараны Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов куттуктоо сөзү менен ачты. Андан кийин сөз КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге берилди.

—      Сиздерди Нооруз майрамы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атынан жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын. Нооруз майрамы биз үчүн ырыс менен берекенин, сабырдуулук менен өз ара түшүнүшүүнүн, тазалык менен мээримдүүлүктүн жана үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп калды. Тээ эзелтеден ата-бабаларыбыз Нооруз майрамын улуу үмүт, жакшы тилек, ачык маанай менен тосуп келишкен. Бүгүнкү күндө да Нооруз майрамы элибиздин келечекке болгон үмүтүн арттырып, ар бирибизди, коомубузду жана өлкөбүздү жаңыланууга, тазаланууга үндөп турат.

Ноорузда элибиз жапа тырмак жазгы талаа жумуштарын башташып, кош айдашып, даркан талаага чоң үмүт менен үрөн себишкен. Эл-журттун амандыгын, мал-жандын түгөлдүгүн тилешип, жараткандан мол түшүм суранышкан. “Жаздын бир күнү жылды багат” деген накыл сөз жөн жайынан айтылган эмес. Жаздын илеби менен келген Нооруз баарыбыздын жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч-кубатка толтура берсин!

Быйылкы жыл  Президентибиз Атамбаев Алмазбек  Шаршенович  тарабынан “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыяланды. Ошондуктан облустубуздун көп улуттуу ынтымактуу калкы мамлекетибиздин бакубат кубаттуу болуусу биринчи кезекте биримдик менен достукта экендигин жакшы түшүнүшөт деп ойлоймун. Ал эми бай жана дөөлөттүү жашоо ар бирибиздин аракетибизге жана маңдай тер агызып эмгектенүүбүзгө байланыштуу болоорун унутпайлы. Нооруз майрамынын келиши, Жаңы жылдын башталышы Эгемендүү Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жана ийгиликтердин башаты болот деп ишенемин.

Жети дубан элибиздин ынтымагы бир болсун,

Жер жайнаган жыпар жыттуу  гүл болсун.

Эгемендүү кыргыз элдин атагы,

Жакшылыктан, ийгиликтен бүт дүйнөгө дүң

болсун!

Жараткандын ушул улуу күнү болгон Нооруз майрамында бири-бирибизге күйүмдүү, камкор жана тутумдуу бололу. Куттуу Нооруз майрамында баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалаймын.

Улуу-кичүүлөрдүн баарына быйылкы жылга койгон асыл ой-максаттарынын турмушка ашуусун каалаймын. Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун, урматтуу мекендештер жана кадырлуу коноктор!,- деди КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев.

—       Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктор. Мен Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана КРнын Транспорт жана жол министрлигинин аппаратынын атынан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктаймын. Акыркы жылдары Жалал-Абад облусуна чет элдик инвесторлордун колдоосу менен Балыкчы — Жалал-Абад түштүк альтернативалуу жолунун курулушу кызуу улантылып жатат. Мындан сырткары быйылкы жылы Бишкек – Ош автомагистралынын Маданият – Жалал-Абад участогунун жолунун курулушу башталат. Мындан сырткары быйылкы жылы облустун ар бир район шаарларында 3 км. жолдорду асфальттоо жумуштары ишке ашырылат. “Жол азабы – көр азабы” деп элибиз бекеринен айтпаган. Ошондуктан жолдорду куруу жана анын бойлорундагы инфраструктураны жакшыртууга КРнын Транспорт жана жол министрлиги такай көңүл бурмакчы,- деди КРнын Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов.

Нооруз майрамына келгендерди Жалал-Абад шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Аламан Адиев дагы куттуктады.

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу майрамдык иш чара кеңири программадагы концерт жана бийлер менен коштолду.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: