Menu

“Демократ” партиясынын сөз эркиндиги жана саясый укуктар үчүн жүрүшү боюнча ачык билдирүүсү

Бөлүшүү:

“Демократ” партиясы сөз эркиндиги Кыргыз коомунун жаңы эгемендик доорундагы эң чоң жетишкендиктеринин бири деп тааныйт. Ошондуктан акыркы күндөрү журналисттерге каршы сот иштери ачылып жаткандыгын кабатырлануу менен кабыл алат.

2017-жылдын 18 мартында, өзүбүздүн атуулдук позициябызды билдирүү максатында, биз дагы Бишкек шаарында болуп өткөн сөз эркиндиги жана саясый укуктарды коргоо үчүн жүрүшүнө катыштык. Жүрүш учурунда анын бир нече катышуучусу кармалды. Алардын арасында “Демократ” партиясынын тарапкери Азамат Аттокуров дагы бар. Кармалгандарга сот үч берене боюнча чечим чыгарып, 5 суткага камалышты. Бул чечимди чыгарган сот отурумунун жабык өтүшү мыйзамга каршы келет. Сотко байкоочуларды жана тарапкерлерди гана эмес, алардын адвокаттарын дагы катыштырбаганы – негизги адам укуктарынын жана атуулдук укуктардын одоно бузулушуна жатат. Дагы бир мыйзам бузуу – кармалгандарга соттун чечими угузулган жок жана таанышууга мүмкүнчүлүк берилбегендиги. Кийинчерээк адвокаттар аппеляция берүүгө аракет кылышканда, Свердлов райондук сотунда бир дагы судья жок болуп чыкты. Бул дагы мыйзам бузуу болуп эсептелет.

“Демократ” партиясы жүрүш учурунда кармалган бардык атуулдардын укуктары корголушун, аларга адвокаттар берилишин, сот жүрүшү ачык болушун талап кылат. Биз сот органдарын саясый куралга айланбастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана элине кызмат кылууга чакырабыз.

“Демократ” партиясы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: