Menu

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков : Нооруз менен кошо ар бир үйгө кут конуп, элибизди ынтымак-ырашкерлик жылоолосун

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта,  Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында жалпы Кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Төмөндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун сөзү:

«Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды Кыргыз Өкмөтүнүн атынан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Нооруз – кылымдардын тереӊинен, тарыхтын түпкүрүнөн келген майрам. Элибиздин маданиятына, коомубуздун аӊ- сезимине тереӊ сиӊип, муундан муунга, атадан балага берилип келген жөрөлгө. Тарыхтын ар кандай сыноосунан өтүп, көп жылдар бою тыюуга туш болгонуна карабастан, урпактарга унутулбай жетип, эгемендүүлүк менен кайра жаралган майрам. Элибизде Нооруз майрамы – табигат ойгонуп, жаңы жыл келип, жаӊы үмүттөр жаралганын билдирет. Элибизди жаркын маанай каптап, коомдо ынтымак өкүм сүргөн учур. Бүгүнкү майрамдын символу – буудай. Ноорузда адамдар бири-бирине сүмөлөк тартуулашып, ырыскыбыз чогуу болсун деген тилектерин билдиришет. Нооруз – кырманыбызда молчулук,  элибизде токчулук, коомубузда ынтымак болсун деп, Баба дыйкан  жер айдоону баштаган мезгил.  Бүгүндөн тарта күн узарып, жашоонун жарык түсү көбөйүп, жаз жарышы башталат.

Урматтуу мекендештер!

Жаӊы жылды билдирген Нооруз майрамын тосуп жатып, жалпы өлкөбүз жөнүндө ой жүгүртөбүз, келечектин планын белгилейбиз. Акыркы жылдары Кыргызстан чыныгы демократиялык жолго түшүп, коомубузда адилеттиктин үстөмдүгүн орнотуу үчүн чечкиндүү аракеттер жасалып жатат. Өлкөдө башкаруу системасы өзгөрүп, жаңы саясий маданият калыптанууда.

Президентибиз Кыргызстанды түп-тамырынан бери жаӊыланууга багыт берген реформаларды демилгеледи. Бизде жүрүп жаткан кайра түзүүлөр Борбордук Азияда гана эмес, КМШ  мамлекеттеринде да биринчилерден болуп жатат. Экономикада, социалдык чөйрөдө, саясатта, сот системасында, жарандык коомдо бир катар жакшы өзгөрүүлөр башталды. Өнүгүү өзүнөн өзү эле келбей турган, ал чечкиндүүлүктү, бекем саясий эркти, чыдамкай аракетти талап кылган көрүнүш. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн жеке кызыкчылыгын унутуп, журттун келечегин өз мойнуна жүктөгөн муундун өкүлдөрүнө муктаж экенбиз.  Акыркы эле алты жылды карасак, эски менен жаӊынын, адилеттик менен ач көздүктүн,   туруктуулук менен тополоӊдун көрүнө да, көмүскө да күрөшүн көрөбүз. Бул күрөштө ийгиликке жетип, жаӊы системаны ишке ашыруу, аны кайтпас мүнөзгө салуу үчүн элдин колдоосу зарыл болду. Азыр күчтүү, адилеттүү жана бай мамлекетти куруу максаты менен жасалган реформалар, жаӊы саясий система туруктуу мүнөзгө ээ болду.

Адилет шайлоолорду, референдумду, бийликтин ачыктыгын, жогорку кызмат адамдарынын тазалыгын, соттун жана басма сөздүн калыстыгын камсыз кылчу системаны курууну кадырман элибиз колдоп берди.  Мындан ары да ар кандай тоскоолдуктарга карабай биз элибиз тандап алган бул жолду уланта беребиз. Алдыга койгон асыл максаттарды ишке ашыруу үчүн мындан ары да коомубуздун биримдиги жана журтубуздун тынчтыгы керек. “Ынтымактуу элдин ырыскысы мол болот”. Ынтымак болсо дагы көптөгөн бийиктиктерге жетебиз. Өлкөдө туруктуулук өкүм сүрүп, социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоо үчүн Кыргыз Өкмөтү бардык аракеттерди жумшай берет. Жаркын келечекке багыт алган коомубуздун сапары узак жана байсалдуу болсун.

Урматтуу мекендештер!

Жаздын жарык жана керемет бул күнүндө жергебизге жаңылануунун, эмгектин жана үмүттүн символу – Нооруз майрамы келди. Бул жалпы элдик майрам аркылуу биз аруу тилектерибиздин ишке ашышын күтүп, бири-бирибизге жылуу каалоо-тилектерибизди арнайбыз. Жаңы жылды тосуп жатып, артка кылчайып карап, жыйынтык чыгаруу менен келечекке жаңы максаттарды коебуз. Биз биргеликте көптөгөн ийгиликтерге жетиштик, келечекте дагы бийиктиктерди багындырабыз. Биримдигибиз менен тоскоолдуктарды жеңип, гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз! Нооруз майрамы Кыргызстандагы ар бир үйгө бакубат жашоо, өнүгүү жана бакыт алып келсин! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бардыгыңыздарга бекем ден соолук, тынчтык жана ийгиликтерди каалайм.

Нооруз майрамы менен кошо ар бир үйгө кут конуп, элибизди ынтымак-ырашкерлик жылоолоп, жергебизге береке кирсин деп тилейли.Көкүрөгүбүзгө эмгектин, адилеттиктин жана мекенге болгон сүйүүнүн көчөтүн тигели! Ар бирибиздин жүрөгүбүзгө жакшылыктын, бакыттын үрөнү себилсин.Жараткан эгилген ар бир тоголок дандын берекесин берсин. Кыргызстандын ар бир үй-бүлөсүнө, ар бир жаранына бекем ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм. Жаңырган жаңы жылыбыз ак жолтой жылдардан болсун. Элибизде ынтымак, мекенибизде тынчтык болсун!Дагы бир жолу Нооруз майрамыңыздар менен!».

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: