Twitter социалдык түйүнү өткөн жылдын экинчи жарымында «терроризмди пропагандалаган» 378 890 аккаунт жабылганын билдирди – бул 2016-жылдын алгачкы алты айына салыштырганда 60 пайызга көп.
Twitter «экстремизмге каршы күрөшүү ниетин билдирген 2015-жылдын августунан бери жалпысынан 636 248 аккаунт жабылган. Twitter, Facebook өңдүү социалдык түйүндөр дүйнөдөгү түрдүү өлкөлөрдүн күчтүү басымында болуп келишет. Алар кол салууларды уюштуруу жана өз катарына адамдарды тартуу үчүн социалдык желелерди пайдаланган экстремисттер үчүн сайтка кирүү мүмкүндүгүн жабууну талап кылышат.
Маалыматтар боюнча, 2016-жылдын экинчи жарымында өлкө бийликтери колдонуучулар тууралуу маалыматтарды берүү өтүнүчү менен кайрылган учурлар жети пайызга, контентти жабуу талаптарынын саны 13 пайызга өскөн.
Социалдык түйүн алгачкы жолу журналисттердин жана жаңылыктар менен алектенген уюмдардин билдирүүлөрүн өчүрүү талаптарын алып жатканын билдирди. Маалыматка караганда, ММКлардын билдирүүлөрүнө бөгөт коюу аракеттери баарынан да Түркия өкмөтү тарабынан көп көрүлгөн.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ