Menu

Акаевдин кыялы укмуш го: жаназасы Кыргызстанда окулушун каалайт!

Бөлүшүү:

Кыргызстандын биринчи качкын президенти Аскар Акаев Аксы кайгысынын 15 жылдыгын жана 24- марттагы жоогазын ынкылабын утурлай маек берип, өз Ата-Журтуна кайтып келүүнү кааларын, бирок буга бийлик жол бербей атканын кейип-кепчип айтып өтүптүр.

“Мен түбүмдөн жана канымдан кыргызмын. Менин ата-энем жана аталарым кыргыздын хандары болгон. Демек, менин өзүмдүн мекениме кайтып келүүгө акым жок бекен? Албетте, мен качандыр бир күндө кайтып барам. Азырынча революциялык бийлик мени киргизбей жатат. Бирок мен кайтып келип, түбөлүккө өз жеримде көмүлгөндү каалайм. Мен кыргызмын го”,- дептир ал. Акаевдин минтип кайгыга чөккөнү азыр бийликте олтурган адамдар үчүн да чоң сабак болушу керек. Өз элине ок атып, куугунтуктап, үй-бүлөсү менен эл ырыскысын жегендер үчүн журтуна батпай, карегинен көз жашы көлдөп олтурганы садагам кыргыз элинин чегерген эң эле женил жазасы. “Мени киргизбей жа­тат”.- деп ыйламсырабай эле койсун, ага эч ким жолтоо кылган жери жок, келе берсин. Болгону, Кыргызстанга келер замат камалып, мыйзам алдында жоопко тартыларын Акаев эң сонун билет! Ошон үчүн келе албай, сагынычка толгон маектерин берип турат.

Ошончо жыл четте жүрсө да Акаевге акыл кирбептир тобо. Азыр да маегинде, 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга ал АКШны күнөөлөп жатат. Ал аз келгенсип, “үчүнчү төнкөрүштөн сак болгула, анда Украинанын кейпин кийесинер”- деп чыкты. Бийликтен кулатылганын Акаев АКШдан көрбөй эле койсо болот, анткени, анын чириген режимин кыргыз эли өзү кулаткан. 15 жылдык башкаруу тушунда кыргызды эзип, байлык-мүлкүн тоногону үчүн эл түп көтөрүлүп, кууп чыгууга аргасыз болгон. Андан көрө Акаев “мага эми жетти, көрсө мен акмак эле адам болуптурмун, мени кечирип койгула”,- десе, балким, эл өмүрүнүн акыркы жылдарын мекенинде өткөзүүгө жол ачмак.

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: