Menu

Эл дүрбөсө кошо дүрбөгөндөр, же президенттикке түбөлүк талапкерлер

Бөлүшүү:

Кыргызстанда гана ар убак ушундай. Президенттик шайлоого старт берилгени желпинген жел ооз талапкерлердин бүтүндөй «армиясы» аламанды көздөй аттап-чаттап жөнөшөт. Бу жаатта жаныбыздагы коңшуларды мындай кой, океандын ары жагындагы өнүккөн өлкөлөрдү чаңыбызда калтырып келген жайыбызды кайда жашырабыз? Бир эсе мындай катмарсыз жашоонун өзү кызыксыз болуп калмакпы? Албетте, ар кимдин ажолук амбициясын, конституциялык укугун эч ким чектей албайт деңизчи.

А бирок, деңгээл, дарамет, каражат, а эң башкысы, өзүнө карата элдин ишеними бар-жогун элебестен, ээлигип алган «түбөлүк талапкерлер» бизде гана бар экендигинен улам бул сапар алардын чоо-жайын алдыңарга жайып бергенге бел байладык. Анан калса президенттик шайлоо Кыргызстанда канча «шизик» бар экенин аныктаган өнөктүк болуп калгандыгы жалганбы? Мындай шартта жыдыганын сезбеген, ажолук амбициясы ашынган «түбөлүк талапкерлерди» сыдыргыдан өткөрүүгө аракет кылдык.

Аты-жөнүн негизги ураан туткан Акбаралы Айтикеев

2005-жылдагы президенттик жарышта андагы негизги фаво­рит Курманбек Бакиевди өзүнө башкы атаандаш катары санап, убактылуу өлкө башчысынын милдетин аткаруучу КурСалиевичке «мырза Бакиев, аламан жарышка «Акбаралы, Айттике» деген ураанды бетке кармап чыккан ошондогу ажолукка талапкер Акбаралы Айтикеевди эстедиңерби? Өзүн өнөр жайчылар жана айыл чарба кызматкерлеринин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо аттуу аты улук, супарасы курук партиянын башчысы катары тааныштырган Айти­кеев андагы шайлоодо эл тарабынан ырыстуу деле добуш алып жыргаткан эмес. Москвадан келип, кооз сөздөрдү сүйлөсөм эле элдин назары бурулат дегенби, 2009-жылдагы прези­денттик жарышта да ат салыша коюп, марага жетпей калган. Акыл-эстүү жаран эки ирет жарышта тең элдин колдоосун албаган соң үчүнчүсүндө ойлонот да, туурабы? А бу пендеде андай түшүнүк жокпу, айтор, 2011-жылы болгон президенттик шайлоого адатынча өзүн-өзү көргөзүп, алабарманданып чыкты эле, Боршайком анын кол топтоодогу баракчасы эрежеге ылайык толтурулбагандыгы үчүн жарыштан четтеткен. Ал эми алдыдагы жарыш боюнча түшүнөн аян ала элекпи, азырынча ооз ача элек.

«Доктор Апас гана Кыргызстанды кыйынчылыктан куткарып чыгат»

Кыргызстанда президенттик шайлоо белгиленген жылдары Москвада жаткан кыргыз саясатчыларынын да «чымындары ойгоно» баштайт. Алыстан үн катып, өздөрүн гана Кыргызстандын жалгыз көзгө басар, кризистен чыгарчу менеджери катары сыпатташа, «алтын шилекейлерин» чачыратышса, бир эсе жанына киши чыдап тура албай кетет го, ов! Мындай катмардын «төрүн» айтылуу Кубанычбек Апас ээлейт. Өзүн түбөлүк президенттикке талапкер катары санаган Кубанычбек мырза «доктор Апас гана Кыргы­зстанды кыйынчылыктан чыгара алат» деген «башкы платформасын» миң айткандан да тажабайт. Шайлоо белгиленген убакта Кыргызстанга бат-бат каттап, журналисттер журтчулугуна «эрмек» болуп кетет. Бир курдай өлкөбүзгө келип, белдүү маалымат агенттиктеринен адатынча журналисттер үчүн маалымат жыйынын куруп, коомчулукка адат болуп калган кептеринен кайрылуу жасайт. Жасаганы курусун, соңунда маалымат агенттигине курган жыйыны үчүн кызмат акысын төлөбөй, артын карабай баса бергенин билесиңерби? Ушундай жоругу турса да көшөрүп, өзүн түбөлүк президент сезип, кризис менед­жер катары сыпаттаса, айла жок күлөсүң да. Бир эсе ушундай инсандардын бар экени менен бу жалган дүйнөнүн өзү кызыктуу болот окшобойбу?

Мотуевден кагуу жесе да төртүнчү ирет талапкерлигин коюуну ойлонуп жаткан Токтайым Үмөталиева

Алдыдагы аламан жарышка аттанар-аттанбасы тууралуу каарманыбыз жакында «… бул жолу койсом, төртүнчү жолу койгон болом. Эки жолу катышып, Бакиев менен жарышып дегендей… Үчүнчү жо­лу мыйзам бузуу болуп, тизмеге кошулбаган талапкер болдум» деген пикирин мезгилдүү басма сөзгө берген интервьюсу аркылуу билдирди. 2009-жылдагы президенттик жарышта теледебатка чыккан Токтайым айымды атаандашы Нурлан Мотуев «үйүңдө бала-бакыраңды карап, оокатыңды кылбайсыңбы? Президенттик шайлоону не кыласың?» таризинде «хох­ма жүрүшү» менен жемелеп алганы бар. Анча-мынчаны көңүлгө алып, эрөөн-терөөн ал­баган Токтайым айымды бул сапар деле эч ким токтото алчудай эмес. Же президенттик жарышка катар-катары менен чыккандан эргүү алабы? Аныгында аламанда апчебиздин колунан жарытылуу добуш алуу келбесе да, көшөргөн тейде ач айкырык, куу сүрөөн менен калайманды салуу келет. Мындай шартта түбөлүк оппоненти Өмүрбек Текебаев экөө майданга чогуу аттана турган болсо, анда Өмүкени бийлик эмес, теледебат ар­кылуу дал ушул апчебиз терисин тескери сыйрышы турган иш.

Президенттик үчүн буту күйгөн тоокчо чуркаган Турсунбек Акун

2000-жылдагы президенттик жарыштан соң жеңишке жеткен Аскар Акаев мамлекеттик резиденцияга журналисттерди, бейөкмөт уюм өкүлдөрүн баш, укук коргоочуларды төш кыла чогултуп, жыйын курат. Жыйын соңунда укук коргоочу, президенттикке талапкерлигин коюп утулуп калган Турсунбек Акун сөз алып «Аскар Акаевич, биз де­ле ажо жарыш убагында бутубуз күйгөн тоокчо чуркадык, эми ушинтип эле кала беребизби?» деп каңырык түтөтөт. Жыйын катышуучулары кыраан-каткы түшүп, президент Акаев өзү баш боло сүлкүлдөп күлүшөт. Арадан 17 жыл өткөн соң Тукебиздин президент болуу ышкысы кайрадан ойгонуп, жыл жаңырары менен ажолук амбициясы бар экендигин, аламанга ат коёрун алгачкылардан жар салып чыкты. Каражат жагынан камтама болбосун, эң башкысы, аткошчуларсыз карапайым жүрүш менен үгүт жүргүзүп, Кыргызстанды түгөл кыдырып чыгарын «балп» эттирди. Албетте, Тукебиз жеңишке жетпесин өзү де­ле сонун билет. Болгону «хохма жүрүшү» аркылуу коомчулуктун назарында болууну самап жатса керек.

Жыгылса да күрөшкө тойбогон Турсунбай Бакир уулу

Парламенттин үч чакырылышына депутат болгон Тур­сунбай мырзада президенттик деңгээлге жетчү тажрыйба бар экенин адилеттүүлүк үчүн белгилеп коюу керек. Кыргызстандын тунгуч Акыйкатчысы ка­тары да оозго алынып, кийин Малайзияга элчи болгон жайы бар. 2000-2005-жылдагы «чоң казатка» катары менен эки ирет катышса да Жараткан бу инсанга ооматты ыраа көргөн эмес. Учурда айыл-шаарларда, дегеле өлкө аймагы боюнча динге сүңгүп, намаз окуган сакалчандардын катары күн сайын калыңдап бара жаткан шартта келечекте алар шайлоодо өз арасынан чыккан «өздүк талапкерин» сүрөөнгө алса бу жагынан Турсунбай Бакир уулунун ысымы баштагыдай бап келбеси, анын баштапкы ордун учурда Абдышүкүр Нарматов, Чубак ажы Жалиловдор ээлеп алганын эч ким жокко чыгара албаса керек. Андыктан, Турсунбай мырза алдындагы аламанга кайрадан аттанган күндө деле мусулмандардын баштагыдай «духовный лидери» боло албай, «чоң казатта» мүдүрүлүп, ташыркап калары турган иш. Кезегинде исламчыларды турукгуу түрдө колдобосо, 2005-жылдын 24-мартында Куловго «ойт берип» кетсе анан кайдан мусулмандардан өзүнө карата колдоо болсун? Курган киши келечекте исламдашуу күч аларын, саясатчылардын доору бат эле бүтүп каларын убагында эске алган жок. Буга дейре ажолукка чыгып, эксперимент катары бактысын сынап көнүп деле калбадыбы, бул сапар да коюп көрсө, адаттагыдай эргүү алып, эс алып калаттыр.

Президенпик жарыштан жыдып, ызасы менен Туйгунаалы Абдраимовдон муш жеген Жеңишбек Назаралиев

Эки ирет президенттик жа­рышка чыгып, ийгилик бактысынан куру калган Жецишбек Назаралиев боюнча күнү бүгүнгө дейре кызыктуу кеп эл ичинде айтылып жүрөт. 2005-жылы ажолук жарыштан жыдып кал­ган Жеңишбек Назаралиев ан­дагы Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовго ызасы менен бир тийет. Болгондо да күрөөгө коюлган акчасын «кайрып бер» таризинде бурк этип… Кыраакы БШК башчысы Туй байке Назаралиевдин жеңилүү ызасын туура түшүнүп, күрөөгө коюлган талапкерлердин акчасы кайра артка кайтарылбастыгын, буга мыйзам да жол бербестигин айтып, сыпайы түшүндүрөт. Болбой эле моюн толгогон Назаралиев акыры ызасына чыдабай Туйгун мырзага «мен спортсмен, болгондо да «черный поясмын» деп чала-була муштуму менен жазгап жиберсе, анысы да жаза кетип, тийбей калат. Ачуусу чукул Туйгун байкебиз мындайда жөн турмакпы, маңдайында Назаралиевге «сен «черный пояс» болсоң, мен «колхоз поясмын» деп катылып, көтөрүп уруп, басып жыгылган тейде моокуму канганча төпөштөп, акыры Жекебизди келген жолуна салып коёт. Күрөөгө коюлган акчасына кейиген Назаралиев муну ме­нен токтоп калбай, 2009-жылы да КурСалиевич менен кайрадан кармашып, талапкерлигин шайлоо бүткүчө азыркы пре­зидент Атамбаев менен кошо алып салган. Алдыдагы аламан жарышты утурлай ышкысы дагты ойгонгонбу, талапкерлер боюнча жакында интернетте социалдык сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгында өзүн негизги фаворит Өмүрбек Бабановдон кийинки орунда экенин шардана кылууда. Өзү социолог болбогон соң, бу эргул социоло­гиялык иликтөөлөрдү кандайча жүргүзөт? Кол алдындагы «кардарларынан» сурамжылоо аркылуу гана Бабановдон кийин­ки орунга чыкпаса, карапайым элден экинчи орунга чыгышына ким ишенет? Андан көрө баңгизатгардан жабыркагандарды дарылап, көнгөн ишин жөнжай кыла бербейби? Буга дейре эки ирет тең жакшы эле жыдыды го?

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: